Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«12-апрель Космонавтика күнүнө карата» иш-чара өттү.

«12-апрель Космонавтика күнүнө карата» иш-чара өттү.
12 Апр 2022

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Илимий-изилдөө жана Редакция-басма бөлүмүнүн кызматкерлеринин демилгеси менен бөлүмдө «12-апрель Космонавтика күнүнө карата» иш-чара өттү.

Кыргыз-казак Абай маданий борборунда казак акын-жазуучуларынын китептери арбын. Адамдын Космоско учуусуна арналган биринчи чыгарма Олжас Сулеймановго таандык. Олжас Сулеймановдун 7 томдук китебинин биринде «Земля, поклонись, человеку!» деген поэмасы бар, бул поэмасын биринчи учкуч-космонавт Юрий Алексеевич Гагаринге арнаган. Ал чыгарманын жаралышы да абдан кызыктуу болгонун айтып эскерет.

11-апрель күнү «Казахстанская правда» гезитинин башкы редактору  боло турган окуядан кабары бар Федор Боярский, адамдын космоско учуусу тууралу ыр жазууга Олжас Сулеймановго буюртма берет жана бир түндүн  ичинде  ырдын тексти даяр болгон.

12-апрелде адамдын биринчи жолу космоско учуусу жарыяланган кезде, ыр гезит бетине чыгып, ыр басылган баракчалар Алма-Атанын жана Казакстандын башка шаарларынын үстүнөн самолет менен ыргытылган. Мындай дүйнөнү дүңгүрөткөн окуядан таасирленген жаш акын Олжас Сулейманов бул ырын бир жуманын ичинде поэмага айландырып жазып, поэма май айында жарыкка чыгат. Ошентип, болуп көрбөгөндөй ийгилик жаралат.

«Менин поэмамды Борбордук телекөрсөтүү жана радиодон байма-бай берип, гезиттерге басып чыгарып жатышты. Ар жума сайын ар кайсы шаардын завод-фабрикаларында, студенттик аудиторияларда ыр окуп турдум. Ошол учурда мына ушундай зор ийгиликтер жаралган»,– деп эскерет Олжас Сулейманов.

1961-жылдын 12-апрели Советтик космонавт Юрий Гагарин дүйнөдө биринчи жолу космоско жол салган күн. Юрий Гагарин «Восток»  космостук кемеси менен «Байконур» космодромунан космоско учуп чыгып, Жер шарынын орбитасын 108 мүнөт айланган.