2022-жылдын 22-сентябрында А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасы тарабынан 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата “Тилим менен улукмун, тилим менен улутмун” аттуу адабий кечеси «Кыргыз китеби» бөлүмүнүн Ч.Айтматов залында болуп өттү.
Кечеде КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери К. Кадыракунов, Жаштар сыйлыгынын лауреаты, акын Б. Жамгырчиев, акын Нуркыз Рыскул кызы, А. Абдыкеримова менен окурмандардын ортосунда мамлекеттик тил, эне тил жөнүндө жаш муундарды эне тилин сүйүүгө, мамлекеттик тил кыргызстандын келечеги экендиги тууралуу кызуу талкууланды.
Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу №94 жалпы орто билим берүү мектебинин 6- «З» жана 6-«Г» класстарынын окуучуларынын кыргыз тилди даңазалоо боюнча көркөм окуулары окулуп, жаңылмачтардан, макал – лакаптардан айтышуусу, эне тил жөнүндөгү ырлардан аткаруусу мактоого татыктуу болду.
Ошондой эле катышкан окурмандарга ыраазычылык кат тапшырылды.