2023-жылдын 12-апрелинде саат 11.00дө Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Ч. Айтматов атындагы кыргыз-түрк мададият борбору залында Кыргыз Эл Баатыры, СССР Мамлекетинин сыйлыгынын лауреаты, кыргыз адабиятынын баба дыйканы, Кыргыз эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун он беш томдук жыйнагынын бет ачар аземи болуп өттү.
Түгөлбай Сыдыкбековдун он беш томдук жыйнагына анын бардык көркөм мурасы киргизилди.
Он беш томдуктун биринчи томуна жазуучунун “Тоо арасында” романынын биринчи китеби кирди.
Он беш томдуктун экинчи томуна жазуучунун “Тоо арасында” романынын экинчи китеби кирди.
Он беш томдуктун үчүнчү томуна жазуучунун “Биздин замандын кишилери” жана “Темир” аттуу эки романы кирди.
Он беш томдуктун төртүнчү томуна жазуучунун бай-манаптар мезгилиндеги кыргыз аялдарынын жана Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры Зууракан Кайназарованын тагдыры баяндалган эки китептен турган “Зайыптар” романы кирди.
Он беш томдуктун бешинчи томуна жазуучунун “Тоо балдары” жана “Ыманбай сыры” аттуу эки романы кирди.
Он беш томдуктун алтынчы томуна жазуучунун “Сыр ачуу” жана “Курбулар” аттуу эки романы кирди.
Он беш томдуктун жетинчи томуна жазуучунун “Көк Асаба” тарыхый романы кирди.
Он беш томдуктун сегизинчи томуна жазуучунун “Мезгил сабактары” адабий-публицистикалык макалалар жыйнагы кирди.
Он беш томдуктун тогузунчу томуна жазуучунун аян, аңгемелер, маектер, каттардан куралган “Мен миң жыл жашадым” көркөм жыйнагы кирди.
Он беш томдуктун онунчу томуна жазуучунун “Өмүр тамыры” повесттер жана аңгемелер жыйнагы кирди.
Он беш томдуктун он биринчи томуна жазуучунун “Табылга” макалалар жыйнагы кирди.
Он беш томдуктун он экинчи томуна жазуучунун эл куудулдары Жоошбай, Көкөтөй, Куйручук тууралуу жана ар кыл темадагы “Күлкү жана өмүр” повесттер, аңгемелер жыйнагы кирди.
Он беш томдуктун он үчүнчү томуна жазуучунун “Кайнар булак” уламыштар, аңгемелер, чакан повесттер жыйнагы кирди.
Он беш томдуктун он төртүнчү томуна жазуучунун тарыхый, өмүр баяндык мазмундагы “Бел белес” роман-эссеси кирди.
Он беш томдуктун он бешинчи томуна жазуучунун аңгемелер жана ырлар жыйнагы кирди.
Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Иманалиев Кайрат Олжобаевич, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын экс-Премьер-министри, мамлекеттик жана коомдук ишмер Жумагулов Апас Жумагулович, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-спикери, мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулович Шеримкулов, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты – Роза Төрөкуловна Айтматова, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетекчиси Акматалиев Абдылдажан Амантурович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты Талиева Камила Абдыразаковна, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана Кыргыз Республикасынын башка көрүнүктүү маданият ишмерлери катышты.