КР А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасында 9-август Акылай Байматованын Мар Байжиевдин хрестоматиялык варианты боюнча Манас үчилтигин англис тилине которгон китебинин бет-ачар аземине чакырабыз.
Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнтбек Касмамбетов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Америка Кошмо Штатынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси катышат.
Китептин ачылышында англис тилинде Манас айтылып, чет тилдеринде сценкалар коюлат.
Башталышы саат 15:00.
Кирүү акысыз.
Дареги: Абдрахманов көчөсү, 208.