Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

А.Осмоновдун туулган күнүнө карата “Алыкулду окуйбуз” аттуу акциясы жана китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

А.Осмоновдун туулган күнүнө карата “Алыкулду окуйбуз” аттуу акциясы жана китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
16 Мар 2022

2022-жылдын 16-мартында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Сейрек кездешүчүү жана өзгөчө  баалуу басылмалар бөлүмүндө А.Осмоновдун туулган күнүнө карата “Алыкулду окуйбуз” аттуу акциясы жана китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Иш чарага Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, “Ак Тал” эл аралык адабий чыгармачылык бирикмеси, “Аруу дүйнө” эл аралык адабий клубу, “Поэзия ордосу” адабий поэзия бирикмеси, Токмок шаарындагы А.Осмонов атындагы орто мектеби, Сейтек-Жал Түрк мектеби,  №61 Физика математикалык  мектеп-лицей, №88 К.Бобулов атындагы орто мектеби, №5 А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар лицейи, №68 А.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясы, Панфилов районундагы А.Осмонов атындагы орто мектеби,  А.Осмонов атындагы мемориалдык музей комплекси жана коомдук ишмерлер, акындар, жазуучулар, ага окуутучулар, студенттер катышты.

Иш-чаранын программасында концерттик номерлер, А. Осмоновго арналган сценкалар, көркөм окуулар жана жаш акындар чыгармачылыгын тартулашты. Ошондой эле акциянын жыйынтыгында ар бир катышуучуларга ыраазычылык кат, дипломдор тапшырылды.

Китеп-сүрөт көргөзмөсүндө китептер, газеталык публикациялар, фотодокументтер, көрүнүктүү окумуштуулардын эмгектери, А. Осмоновдун чыгармачылыгы жөнундө окуучулардын тарткан сурөттөрү жайгаштырылды.