Кыргыз Республикасынын Улуттук китепкананын “Абай кыргыз-казак маданий борборунда” Кыргызстандагы Казак элчилиги тарабынан берилген кыргыз, казак, орус тилдериндеги жаңы китептер көргөзмөгө коюлду. Жаңы келген китептер тураалуу кенен маалымат алып, таанышып, окусаңыздар болот.
1. Мухтар Ауэзовдун “Абай жолу” эки томдук көлөмдүү китеби кыргыз тилине кайрадан которулуп, жаңы басылып чыкты. Китеп Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына жана Мухтар Ауэзовдун 125 жылдык мааракесине арналды. Китептин орусча вариантынан которгон медицина илимдеринин кандидаты Изилия Абдуллаевна Рахимова.
2. Кыргызстандын жана Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата казактын бирден-бир манасчысы, акын Баянгалы Алимжанов “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигин казак тилине которуп, эки элге тартуулады.
3. Чыгыш-түрк элдеринин улуу философу, ойчулу, энциклопедисти, ислам философиясынын аалымы Абу-Насир аль-Фарабинин 1150 жылдгына карата Алматыдагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинен бир нече китептер белекке келди. Алар:
а) Ал-Фарабинин “Кайрымдуу калаа” жана “Музыка тууралу китеп” аттуу көлөмдүү жыйнагы казак тилинде;
б) Аль-Фарабинин 7 томдугу:1) “Кайрымдуу калаа”; 2) “Философиялык трактаттар”; 3) ”Социалдык-этикалык трактаттар”;4) “Музыка тууралу чоң китеп”; 5) “Илим тууралу китеп”; 6) “Ой-санаа тууралу китеп”; 7) “Устаздын кайтып келүүсү” казак тилинде;
в) Түрк профессору Бекир Карлыганын “Аль-Фараби – философ цивилизаций” китеби орус тилинде;
г) Аль-Фарабинин “Книга букв” китеби орус тилинде ж.б.
“Казак адабиятынын китепканасы” сериясынан 27 автордун орус тилинде чыккан китептери: 1) Абай. “Я- человек загадка”. Абайдын ырлары жана кара сөздөрү; 2) Жамбыл Жабаев. “Избранные произведения”. Жамбылдын тандалма ырлары; 3) Мухтар Ауэзов. “Лихая година”. Повесттер менен аңгемелери; 4) Ильяс Есенберлин. “Хан Кене” романы; 5) Магжан Жумабаев. “Пророк”. Ырлар, поэмалар, аңгемелери; 6) Мухтар Шаханов. “Три уровня высоты”. Ырлар, балладалар, поэмалары; 7) Абиш Кекильбаев. “Конец легенды” романдар менен повесттери ж.б.
Дагы бир жакшы басылма “Даналык алиппеси” деп аталат. 12 китепчеден турган сандыкча-жыйнак. Бул китепчелердин өзгөчөлүгү инновациялык сүйлөй турган калеми бар. Калемди кандай пайдалануу керектиги тууралу нускамасы да бар. “Кобыз үнү”, “Домбыра күси”, “Бесик жыры”, “Халык ани”, “Халык аңызы”, “Халык ертегеси”, “Халык тагылымы”, “Халык жыры”, “Накыл сөз”, “Билер сөзи”, “Аталар сөзи”, “Бабалар батасы” аттуу китептерди калем менен окуганда ырлар ырдалып, күүлөр чертилет, обондор созулат.