2022-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борбору залында Абдурасул Токтомушевдин туулган күнүнүн 110 жылдыгына карата “Жаздым жүрөк каалоосундай көңүлдөн, Жүрөк болсо мекенине берилген”аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Адрасул Токтомушев Кемин районундагы Төрт-Күл айылында туулган.
1928 – 1931-жж. Ташкент шаарындагы Орто Азия суу чарба техни-кумунда окуп,
1952-жылы Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн.
А.Токтомушев 1932 – 1941-жж. Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин Лейлек районунун «Колхоз турмушу», республикалык «Кызыл Кыргызстан», «Ленинчил жаш» гезиттеринде адабий кызматкер, жоопту катчы, бөлүм башчы,
1953 – 1957-жж. «Ала-Тоо», «Чалкан» журналдарынын редакциаларында бөлүм башчы болгон.
Чыгармачылык жолу 1930-жылы башталып, 30-жылдары жазылган ырлары «Балбандар» деген ат менен 1936-жылы жыйнак болуп чыгып, «Какшаалдан кат» поэмасы 1958-жылы орус тилинде басылып чыккан.
Акындын балдарга арналган «Хан жана Жуматай», «Тынчтык үнү», «Достук» ж.б.чыгармалары бар.
А.Токтомушев ыр менен жазылган «Алтын Тоо» аттуу романынын биринчи бөлүгү 1965-жылы, экинчи бөлүгү 1968-жылы басылып, 1974-жылы бул чыгарма Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.
А.Токтомушев ливан акындарынын ырларын, В.Дальдын жомокторун, Гильендин ырларын кыргыз тилине которгон.Көптөгөн жамааттык жый-нактардынкотормолоруна катышкан.1989-жылы «Үркүн» аттуу автобиографиялык романы «Ала-Тоо» жур-налына басылып, бирок чыгарма аягына чыкпай калган.
1938-жылдан СССР Жазуучуларсоюзунун мүчөсү.
1972-жылдан Кыргыз эл акыны.
«Эмгек Кызыл Туу», «Элдердин достугу», «Ардак белгиси» ордендери, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «КААР-ман эмгеги үчүн», «Эмгек ветераны»медалдары, Кыргыз ССР ЖКнын Ар-дакграмоталары, ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.
Токтомушев 1995-жылы 83 жашында дүйнөдөн кайткан
Календарлык китеп-сүрөт көргөзмөгө төмөнкү макалалар, сүрөттөр жана китептер коюлду:
Калем кайрыгы; Максат; Күн- ырлар жыйнагы; Эмгек жана бакыт; Жаш достор; Менин өлкөм; Жакып уулу; Он дастан; Алтын тоо; Жүрөктө; Өмүр көктөмү; Саяпкер; Өмүр жолу; Сүйүү жана коркунуч; Эркин саптар; Күндөй жарык ж.б.
Адрес: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 208. Кыргыз Республикасынын Улуттук Китепканасы тел; 30-50-57