Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Алматы шаарынан “Уш коңыр” аттуу республикалык, адабият, маданият жана өнөр гезитинин 2022- жылы жарыкка чыккан топтомун тапшыруу аземи болуп өттү.

Алматы шаарынан “Уш коңыр” аттуу республикалык, адабият, маданият жана өнөр гезитинин 2022- жылы жарыкка чыккан топтомун тапшыруу аземи болуп өттү.
13 Май 2023

2023 жылдын, 13 май айында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Абай борборуна, Казак Республикасынын Алматы шаарынан “Уш коңыр” аттуу республикалык, адабият, маданият жана өнөр гезитинин 2022- жылы жарыкка чыккан топтомун тапшыруу аземи болуп өттү. Аталган гезиттин топтомун, гезиттин башкы редактору Болат Батыр жана Алматы шаарынын борборлоштурулган китепкана тармагынын жетекчилери тапшырышты.
Бул гезитте 2022-жылы болуп откөн иш чара жөнүндө, тактап айтканда, Алматы шаарынын борборлоштурулган китепкана тармагы менен биздин китепкананын ортосунда биргеликте кызматташуу меморандуму тузүлгөнү жөнүндө маалымат жазылган.