2023 жылдын 25-30 апрелине чейин Армения өлкөсүнүн Ереван шаарында “Эстелик жүздөрү. Кол жазма жана басма мурастарын жаңы технологиянын акыркы үлгүсундө сактоо жана калыбына келтирүү боюнча Xll Эл Аралык семинар” болуп өттү. Семинарга КМШ жана Грузия мамлекттеринен реставраторлор, музей кызматкерлери, китепкана кызматкерлери, архив кызматкерлери жана жогорку технология жаатындагы адистер катышты. Семинар адистерди өркүндөтүүнүн өзгөчө курсу жана дагы технологиялык методикалар чөйрөсүндө тажрыйба жана билим алмашуу үчүн катышуучуларга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Семинардын алкагында докладдар, тегерек стол, мастер класстар, ар кандай маданий иш-чаралар өтүлдү. Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасынан Архив фонду бөлүмүнүн бөлүм башчысы Темралиева Анашкул Айтыкуловна “Архив фондунун сакталышынын ишмердүүлүгүн уюштуруу” деген темада доклад окулду.