Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Балакана” аттуу жаңы китебинин бет ачаары

“Балакана” аттуу жаңы китебинин бет ачаары
12 Май 2022

2022-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Ч. Айтматов залында жазуучу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алтын калем адабий сыйлыгынын ээси Шайдуллаева Топчугүлдүн  “Балакана”  аттуу жаңы китебинин бет ачаары болуп өттү.

Иш чарага өлкөнүн атактуу жазуучулары, окумуштуулар жана жазуучунун күйөрмандары катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө китеп тууралуу баяндамалар окулуп, пикир алмашуулар жана талкуулар болуп өттү.

Шайдуллаеванын “Балакана” китебине жашоо-турмушубуздун түркүн-түс көрүнүштөрүн чебер сүрөттөгөн,  реалист жазуучунун кийинки мезгилде жазган аңгемелери топтоштурулган. Автор  чыгармаларында замандаштарынын бүгүнкү жашоо, тагдырын чагылдыруу менен гумандуулук, адамгерчилик жана боорукерлик сыяктуу чоң баалуулуктарды ачып бергенге аракет кылган. Белгилей кетсек, автордун буга чейин “Жан шерик”(2000), “Акылкасас”(2008), “Кызыл өрүк” (2017), “Всему свое время” (2017) аталышындагы көркөм адабий жыйнактары жарык көргөн.