Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Беларусь Улуттук китепканасынын уюшулгандыгынын 100 жылдыгына арналган «Китепкана маданияттын феномени» аттуу IX Эл аралык конгресси болуп өттү.

Беларусь Улуттук китепканасынын уюшулгандыгынын 100 жылдыгына арналган «Китепкана маданияттын феномени» аттуу IX Эл аралык конгресси болуп өттү.
18 Окт 2022
2022-жылдын 15–16-сентябрында Минск шаарында Беларусь Улуттук китепканасынын уюшулгандыгынын 100 жылдыгына арналган «Китепкана маданияттын феномени» аттуу IX Эл аралык конгресси болуп өттү.
Бул иш-чарага Алыкул Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Редакция-басма жана музей иштер бөлүмүнүн башчысы Кохаркан/Байкал Асеиновна катышты.
Беларусь Республикасынын маданият министрлиги, Беларусь Улуттук китепканасы, Евразия китепканалар ассамблеясы жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык фонду уюштурду.
Беларусь Улуттук китепканасынын имаратында эӊ мыкты басылмалар, электрондук маалымат ресурстары жана сервистер көргөзмөсү коюлуптур.
Конгресстин салтанаттуу ачылышы болуп, «Коомдук санариптик трансформация доорунда китепканалар», «Китепканалардын ишмердүүлүгүн нормативдик-укуктук жана кадрдык камсыздоо», «Илим, билим жана маданият үчүн маалыматтык ресурстар жана кызматтар» аттуу темада – үч секцияда докладдар окулду.
Беларусь Улуттук китепканасынын 100 жылдыгына арналган салтанат ачылышта мыкты иштеген китепканачыларына сыйлыктар тапшырылып, концерттик программа жана келген конокторго китепкана имаратында экскурсия жүргүзүлдү.
Конгрессте бир канча пленардык отурумдар болду.
Ушул эле күнү саат 13.00до XXVI Коммерциялык эмес өнөктөштүк Евразия китепканалар Ассамблеясынын мүчөлөрүнүн өзүнчө программа боюнча чогулушу болуп, аткарылган иштер тууралуу ЕКАнын президентинин отчету угулуп, жаӊы президенти шайланды.
Россия мамлекеттик китепкананын башкы директору, ЕКАнын президенти «Евразия алтын коллекциясы»: жаӊы мамиле долбооруна катышууну жана Ч. Айтматовдун чыгармаларын бул долбоорго кошууну сунуштады.
2022–2026-жылдарга Евразия китепканалар Ассамблеясын өнүктүрүүнүн келечектүү планы кабыл алынды жана башка маселелер талкууланды.
Кийинки күнү Беларусь Улуттук китепканасында «Китепканалардын жана китепканалык жыйнактардын тарыхы», «Социалдык-маданий ишмердүүлүк: заманбап натыйжалуу тажрыйба», алдын-ала каттоо менен – «Электрондук маалымат ресурстары: Speed Dating форматта китепканалар менен басма иштер боюнча кызматкерлердин ортосундагы ачык диалог», «Социалдык-маданий чөйрөдөгү бюджеттен тышкаркы иш-чаралар» аттуу семинар болуп жана иштин жыйынтыгын чыгаруу менен аякталды.