24- январь Бишкекте болуп өткөн улуу залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык форумга Казакстандын белгилүү акын-жазуучулары жана мамлекеттик кызматкерлери келип катышышты. Форумдан соң боордош казак элинин акын-жазуучулары А. Осмонов атындагы Улуттук китепканага келип, анда жайгашкан «Абай» кыргыз-казак маданий борбору менен таанышып борбор тууралу кеңири маалымат алышты. Абай Кунанбаевдин айкелинин жанында эстеликке сүрөткө түшүп, жылуу ой-пикирлерин, каалоо-тилектерин жана кол тамгаларын атайын китепчеге калтырышты. Ошондой эле казактын көрүнүктүү акыны Улукбек Есдаулет өзүнүн басмадан жаңы чыккан «Каргалдак» аттуу китебин «Абай» борборуна белекке тартуулады. Жолугушуунун соңунда, «Абай» борбору менен мындан ары да тыгыз байланышта болушаарын жана өздөрүнүн чыгармаларынан, китептеринен, «Абай» фондуна берип, фондду байытууга салым кошоорун убадалашты.