Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Чыңгыз Айтматовду эскерүү күнүнө арналган “Адамга эң кыйыны-бул күн сайын адам болуу” аттуу адабий иш-чара болуп өттү.

8-декабрда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 94 жылдыгын, эскерүү күнүнө арналган “Адамга эң кыйыны-бул күн сайын адам болуу” аттуу адабий иш-чара болуп өттү.
Иш-чараны А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын “Кыргыз китеби” бөлүмү уюштурду. Аталган иш-чарага Ж.Баласагын атындагы Улуттук Университетинин алдындагы Профессионалдык колледжинин студенттери, Кесиптик Бирликтер кесип колледжинин 1-2- курсунун студенттери жана Бишкек шаарындагы №94 орто мектептептин, №5Улуттук компьютердик гимназисынын кыргыз тили жана адабияты сабактарынын мугалимдеринин жардамы менен чыгармачылыкка шыктуу студенттер жанаокуучулар катышышты.
Эскерүү кечээнин ачылышында А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директорунун орун басары Байсакова Н.Р, чыгармачыл жаштар 12-декабрь-улуттук адабият күнү, залкар жазуучу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун 94 жылдыгы жана чыгармачылыгы жөнүндө баяндамаларды жасашты.
Иш-чарада Бишкек шаарында билим алган студеттер жана окуучулар Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча даярдалган чакан, кызыктуу сценарийлерди өтө ийкемдүү, чыгармачылык шык-жөндөм менен аткарып беришти.
Ошондой эле Ч.Айтматовго арналган китеп-көргөзмө уюштурулду, көргөзмөгө Ч.Айтматовдун кыргызча,орусча он томдук жана үч томдук энциклопедиясы, Улуттук китепкананын Айтматов ааламы аттуу библиографиялык көрсөткүчтөр, макалалар коюлду.
Мындан тышкары Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданий борбор залында туруктуу көргөзмөсү бар.