2023-жылдын 29-апрелинде Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн белгилөөнүн алкагында Кемин районунун Орловка шаарынын маданият үйүндө «Эки элдин алп акындарына таазим» аттуу кыргыздын чыгаан акыны Алыкул Осмоновдун жана орус элинин улуу акыны Александр Сергеевич Пушкиндин чыгармачылыгына арналган райондук көркөм окуу кароо-сынагы болуп өттү.
Иш-чаранын уюштуруучусу А. А. Кабаев жетектеген «КЕМИН – үчүн» коомдук бирикмеси болду.
Бул иш-чарага А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын редакциялык-басма жана музей иштеринин бөлүм башчысы Мамбетова Байкал Асеиновна да катышты. Өз сөзүндө бул сынакка райондун чоӊдор арасында жана орто мектептин окуучуларынын жогорку деңгээлде даярдангандыгын, катышуучуларынын мыкты көрсөткүчтөрүн жана бул демилгени колдоп, иш-чараны уюштуруп жана ишке ашырууда А. А. Исаев менен А. З. Курманалиеванын эмгегин баса белгиледи.