Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Эсенгул Ибраевдин  90 жылдыгына арналган “Биз-аталар мурасы”аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү алдын ала уюштурулду.

Эсенгул Ибраевдин  90 жылдыгына арналган “Биз-аталар мурасы”аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү алдын ала уюштурулду.
15 Мар 2023

2023-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы  Улуттук китепканасынын Ч. Айтматов атындагы кыргыз-түрк мададият борбору залында боло турган кыргыздын чыгаан акын жана сатириктеринин бири, журналистпублицист, Кыргыз Республикасынын эл акыны Эсенгул Ибраевдин  90 жылдыгына арналган “Биз-аталар мурасы”аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү алдын ала уюштурулду.

Эсенгул Ибраев Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Чет-Нура кыштагында 1933-жылы 16-мартта туулган.

1952-жылы Нарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн.

1952–1956-жж. Кочкор, Нарын районунун мектептеринде жана райондук комсомол комитеттеринде иштеген.

1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

1961–1987-жж. Республикалык саясий сатиралык«Чалкан» журналында адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары,башкы редактор болуп иштеген.

1962-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.

1970-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын мүчөсү, Нарын «Ынтымак» коомунун президенти болгон.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин Грамотасы, Ардак грамоталары менен сыйланган.

1999-жылы Ата Түрк маданий борбору менен Ата Түрк Илим жана тарых боюнча кеңешинин ардактуу академиги,

1999-жылы Автордук укук-ту коргоо боюнча Швейцариалык «Суисанын» мүчөсү болгон.

1994-жылы «Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер»,

2001-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» наамы берилген.

2002-жылы Эл аралык «Руханият» ассоциасынын лауреаты болгон.

2006-жылы «Насыят» китебине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы ыйгарылган.

Китеп-сүрөт көргөзмөгө төмөнкү китептер коюлду: Закымдар, Дабан, Эсенгулдун ырлары, Биз -аталар мурасы, Өткун, Заповеди, Серый козленок ж.б.