Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Илим жана билим берүү мекемелерин маалыматтык тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча семинардын биринчи күнү болуп өттү.

Илим жана билим берүү мекемелерин маалыматтык тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча семинардын биринчи күнү болуп өттү.
15 Ноя 2022
Бүгүн, 2022-жылдын 15-ноябрында Илим жана билим берүү мекемелерин маалыматтык тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча семинардын биринчи күнү болуп өттү.
Бул семинарга атайын чакырылган коногубуз – Ташкент шаарындагы Мухаммад Аль-Хорезми атындагы Маалымат-технологиялар университетинин профессору, Эл аралык маалымат академиясынын академиги Марат Алимович Рахматуллаев болду. Маалыматтык технологиялар, бүдөмүк логика, эксперттик системаларды түзүү, компьютердик долбоорлоо жана башкаруу системалары, маалымат базалары жана билим базалары, автоматташтырылган китепкана системалары жана маалымат тармактары боюнча адис. Семинарда «Китепкана долбоорун иштеп чыгуу методологиясы», – деген темада лекция (слайды менен) окулду
Семинарга Улуттук китепкананын кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын ЖОЖдын китепканасынын кызматкерлери катышты.
***
Сегодня, прошел первый день семинара: Повышение эффективности информационного обслуживания научных и образовательных учреждений.
Где, выступил специально приглашенный гость по теме: «Методика разработки проектов для библиотек» – профессор Ташкентского университета информационных технологий им. Мухаммада Аль-Хорезми, академик Международной академии информации Рахматуллаев Марат Алимович. Специалист в области информационных технологий, нечеткой логики, создания экспертных систем, систем автоматизированного проектирования и управления, баз данных и баз знаний, автоматизированных библиотечных систем и информационных сетей.
На семинаре приняли участие работники Национальной библиотеки и сотрудники ВУЗа библиотек КР.