Главная страница  
31.03.2017
Кто он-лайн
Сейчас на сайте:
Гостей - 11
“ЭскерЇЇ келечектин булагы”
30.10.2013
  2013-жылдын 30-октябрда Кыргыз  Республикасынын Улуттук китепканасынын «Кыргыз китеби» бөлүмүндө Кыргыз республикасына көрүнүктүү партиялык жана мамлекеттик ишмер, өз элинин жаркыраган келечеги үчүн жан аябай күрөшкөн инсан Төрөлкул Айтматов 110 жылдык юбилейине карата “Эскерүү келечектин булагы”  аттуу китеп көргөзмө өткөрүлөт. 
  Төрөкул Айтматов Кыргызстанда социалисттик кайра түзүүлөрдү ишке ашырууга, Улуу Октябрдын жеңиштерин бекемдөөгө зор салым кошкон советтик жана партиялык көрүнүктүү кызматкер болуп иштеген.
  Партиялык кызматкер Төрөкул Айтматов улуттук эне тилинен тышкары орус жана өзбек тилдеринде эркин сүйлөп жана жаза алган. 1926-жылы 12-апрелде “Эркин Тоо” газетасына Т. Айтматов, К. Тыныстановдун, А. Баишевдин, Ж.Турусбековдун “Биздин басма сөздү өнүктүрүү үчүн” деген заголовка менен кыргыз тилинде журнал басып чыгаруу үчүн фондду түзүү демилгеси менен кайрылуу жарыяланган.
  1927-жылы 12 –мартта ал ВКП (б)нын Жалал-Абад кантондук комитетинин катчысы болуп которулат. Жалал-Абаддагы жүргүзулгөн Жер-Суу реформасынын ийгиликтерине да кошкон үлүшү чоң.
  1929-30-жылга чейин Кыргыз АССРинин Эл чарба борбордук советинин төрагасы жана республиканын өнөр жай жана соода эл комиссары болуп иштейт.
1931-33-жылы Араван-Буура райкомунун 1-катчысы, 1934-35-жылдарда ВКП (б)нын Кыробкомунун 2-катчысы болуп иштеп жүрүп көп күчүн, кубатын райондун, областтын партиялык уюмдарынын чыңдалышына, эл чарбасынын жана маданиятынын калыптанышына, билим берүү ишинин өнүгүшүнө жумшаган. Ал 1936-жылы Айтматов Москвада максизм-ленинизмдин жогорку курстарында билимин жогорулаткан.
  1937-жылы 1-декабрда Т. Айтматов күнөөсүз камакка алынып, Бишкекке айдалган. Ага контрреволюциячыл-улутчул “Социал-Туран” партиясынын өкүлү” деген жалган жалаа коюлуп, партиянын катарынан чыгарылып, 1938-жылы 5-ноябрда аскер трибуналы атууга өкүм чыгарган.
Өкүм ишке ашып, шаардын түштүк жагында айтылуу “Чоң-Таш” айылында сталиндик желдеттер тарабынан атылган 137 адам менен кошо көмүлгөн. Бул жерден сөөгү 1991-жылы алынып “Ата-Бейит” көрүстөнүнө коюлган.
  1957-жылы 15-июнунда СССР жогорку сотунун коллегиясынын чечими менен Т. Айтматов акталып, партиялуулугу кайра калыбына коюлган.
Репресиянын капшабына кабылбаса, элинин жаркын жашоосу, келечеги үчүн нечен-нечен ашууларды ашып, акылы менен жүрөк жалынын эли журтуна арнамак. Акыйкаттык жеңип, элине чын-дилинен ак кызмат кылган инсанды кыргыз калккы кадырлап келген.
Көргөзмө эки бөлүктөн турат:
1.  Баскан жолу .  2. Эскерүүлөр


 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian