Главная страница  
20.10.2017
Мы в соцсетях
FacebookInstaGramFlickr
Кто он-лайн
Сейчас на сайте:
Гостей - 13
Сатин Абдыкеримова
17.10.2014

 

   2014-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө белгилүү акын Сатин                 Абдыкеримованын туулган күнүнүн 95 жылдыгына арналган “Сатиндин жолу” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

    Акын Сатин Абдыкеримова 1919-жылы Киров районундагы Бейшеке айылында туулган. С.Абдыкеримова кыргыз аялдарынын ичинен чыккан эң биринчи жазуучу акын. Алты жашында атасы дүйнөдөн кайткан. Он үч жашында айылдагы феодалдык чөйрө кысмакка алып, жаш кызды күйөөгө берип коюшкан. Сатиндин таалайынын ачылышына Кыргызстан комсомолунун газетасына чыккан туңгуч ыры чоң себепкер болду десек жаңылышпайбыз.

          Анын биринчи ырлар жыйнагы 1939-жылы жарык көрүп, орус тилиндеги ырлар жыйнагы 1958-жылы чыккан.

       Акын 1946-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Сатин айыл ичинде турса да Кыргызстан жазуучулар Союзу ага ар дайым көңүл буруп, анын келечегине кайдыгер караган жок. Ал жазуучулар Союзу өткөргөн баардык сьезддерге, пленумдарга, кеңешмелерге катышып, качан болсо да алдыңкы адабий пикирден кабардар болуп келген.

           “Айланайын алтын жерим, нур дүйнөм,

         Ар бир ишиң көтөрсөм ээ мойнума”,- деп өз өлкөсүнүн патриоту экендигин, эл милдети канчалык жүктөлсө да аны көтөрүүгө, элге кызмат көрсөтүүгө даяр экендиги айгинелейт.

          Сатин Абдыкеримова ар  качан табийгы таланттуулугу менен айырмаланып келген.

          Кыргыз совет адабиятына сиңирген эмгеги үчүн “Ардак белгиси” ордени, “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн”   седалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

          Бейшеке айылдык Советине депутаттыкка шайланган.

          Китеп көргөзмө С.Абдыкеримованын басып өткөн жолу  боюнча материалдар, ал жөнүндөгү макалалар коюлду.

 

Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч. 208   

Кыргыз Республикасынын Улуттук  китепканасы.

Тел: 30-50-57

Последнее обновление ( 27.10.2014 )
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian