Главная страница  
26.03.2017
Кто он-лайн
Сейчас на сайте:
Гостей - 12
«Кыргыз улуттук кийимдер дЇйнйсЇ»
29.09.2015
2015-жылдын 18-сентябрында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн залында «Кыргыз улуттук кийимдер дүйнөсү» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп коюлду.

Улуттун улут экендигин далилдеп, жүзүн көрсөтө турган, башкалардан айырмалантып, өзгөчөлөнтө турган маданияты, тили, дини жана ошондой эле анча маани бербегенибиз менен күнүмдүк жашоодо кийип жүргөн кийим-кечеси болот эмеспи. Учурдун талабы деп көзгө урунган, колго тийген кийим кечелерди алып кийип жүрө берип, өзүбүздүн улуттук кийимдерибизди унутта калтырып, ал тургай айрым учурда тана баштаганыбыз да жок эмес. “Дартты дарылагандан көрө алдын алган жакшы” демекчи, таптакыр унут болуп, жокко чыгып кала элегинде айрым дизайнерлердин жаңыча көркөмдүк менен кайрадан иштеп чыгып, калктын калың катмарына сунуштап жаткандыгы жакшы жөрөлгө болду.    Канчалык катсаң деле алтынды дат баспаган сыңары ортодо ондогон жыл кийилбей калган кыргыздын улуттук кийимдерине суроо талап көбөйүп, айрым жаштарыбыз ак калпагын башынан түшүрбөй кийип, оюу-чиймеси түшүрүлгөн чапандарды майрамда эле эмес күнүмдүк турмушта кийип жүрүшкөндүгүн көрүп суктанбай коё албайсың. “Мына улуттун жүзү” деп толкунданып, жетине албай сүйүнгөн улуу муундун өкүлдөрүнө күбө болосуң.
Ушундай көрүнүштөрдөн улам элдин улуттук кийимге болгон кызыгуусу артып, ал тургай парламенттик отурумда да бир топ талкууга алынды. Айрым депутаттарыбыз кызмат учурунда, коомдук жайларда, деги эле күнүмдүк турмушта улуттук кийимди кийип жүрүү сунушун айтып чыгышты. Демек, жарашыктуу көркөм сайма көчөттөр, элибиздин пейили, жергебиздин бай табияты символдоштурулуп түшүрүлгөн улуттук кийимдер эл арасында сүймөнчүлүккө ээ болуп, аларга болгон куштарлык аябай өсүүдө десек аша чапкандык болбойт.
Кыргыздар жашоо шартына, ыңгайына жараша жылуу шырыма кийимдерге же жапайы жаныбарлардын терисинен тигилген кийимдерге басым жасаган. Эркектердин тышкы кийимдеринин тобуна кемер, майда курлар кирген. Кышында жапайы жаныбарлардын (карышкыр, түлкү ж.б.) терисинен тигилген ичиктери, кой терисинен жасалган тондор өзгөчө бааланган. Бут кийимдери булгаары өтүктөн, такалуу кайыш кепичтен жана жумшак маасыдан турган.
Ал эми аялдар болсо белдемчи менен элечек, чыптама, кемсел, чапан кийишкен. Топу, тебетей сыяктуу баш кийимдери адатта куштардын канаттары, күмүш, акак, шуру ж.б. кооздуктар менен шөкөттөлүп тигилгендиги белгилүү.
Улуттук китепканада коюлган көргөзмө дагы дал ушул сөз болуп жаткан улуттук кийимдердин үлгүсү түшүрүлгөн сүрөттөр менен толукталган. Бул көргөзмөгө тээ байыртан бери кийилип келе жаткан, биз угуп көрбөгөн, тарыхый мурас болуп архивде гана сакталып калган кийимдердин фасондору, улуттук кийим-кечеге тийиштүү документтик материалдар, газета-журналдык, илимий конференциялык материалдар, мектептердеги бирдиктүү формага өткөн № 5 улуттук компьютердик гимназиянын окуучуларынын формаларынын жарашыктыгын тастыктаган сүрөттөр коюлган. Аталган көргөзмө менен бардык каалоочулар келип таанышууга кеңири мүмкүнчүлүк ала алышты.
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian