Главная страница  
22.08.2017
Мы в соцсетях
FacebookInstaGramFlickr
Кто он-лайн
Сейчас на сайте:
Гостей - 4
Кйп кырдуу талант
06.05.2016
 2016-жылдын 22-апрелинде  Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде, Сауд Араб таануу жана маданият борборунда Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, акын, прозаик, драматург, котормочу, публицист Насирдин Байтемировдун 100 жылдыгына арналган
“...Бар тилегим: элге жетсе жазганым,
 Ошол эле байлык, сыйлык, тапканым...”,- аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлдү.
 Көргөзмөнүн ачылышына мамлекеттик, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар: О.Султанов, Г.Момунова, Р.Рыскулов, С.Жетимишов, Т.Мамеев, Ө.Караев, КУУнун адабият кафедра башчысы, профессор К.Абакиров, маданияттын, илимдин кызматкерлери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, студенттер жана таланттын окурмандары катышышты.
 А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Ж.Бакашова китеп-сүрөт көргөзмөнү кириш сөз менен ачты. Биз бүгүн Улуттук китепканада 100 жылдык торколуу мааракесин эскерүү менен белгилеп жаткан кыргыз дөөлөт өнөрүнүн алдында тургандардын бири, улуу акын, залкар романист, драматург Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Насирдин Байтемировдун ушундай таасын тагдырга эң татыктуу таланттардын бири экенине баарыбыз күбө болуп отурабыз.
 Насирдин Байтемировдун чыгармачылык шыгынын ойгонушуна өбөлгө болгон бала чагындагы энесинен уккан жомоктору жана Калмырза, Жамангул, Осмонкул өңдүү атактуу ырчылардын таасирлери болуп “Жомоктор” аттуу биринчи китеби жаралган.
 Насирдин Байтемиров кыргыз адабиятында көрүнүктүү романист, таланттуу акын, чебер драматург катарында белгилүү.
 Жазуучу өзүнүн 80 жылдык өмүрүндө кыргыз адабиятын тамшандырган “Тарых эстелиги”, “Салтанат”, “Жаш жүрөктөр”, “Акыркы ок”, “Козголоңчу аял жана сыйкырчы”, “Жылдызкан”, “Сонундар дүйнөсүндө”, “Санта”, “Дил адеби”, “Турмуш элеги” аттуу романдарын, “Жаш муундар”, “Сагын”, “Адику” сыяктуу повесттерин тартуулады.
 “Тарых эстелиги” романын жарыкка чыгаруу менен кыргыз прозасында биографиялык, тарыхый-документалдык чыгармалардын өнүгүшүнө өзүнчө салым кошот.
 Сөз сүйлөөчүлөр Н.Байтемиров жөнүндө замандаштарынын арасында “адабият дыйканы” деген атка конгон нукура элдик акын Н. Байтемиров жалаң гана кара сөздүн үстүндө иштебестен өмүр бою ыр жазып келген  лирик акын. Анын чыгармачылыгынын эки канаты бар. Бири – проза, экинчиси – поэзия экендиги айтышты.
 Кыргыз эл акыны Т.Мамеев  өзүнүн жазуучу менен бирге жүрүп, чогуу жүргөндөгү окуяларды айтып эскерип өттү. “Жаңы толкун” адабий клубунун жаш акыны  “Уркуя: драмасынан үзүндү аткарып берди.    100 жылдыгына карата кечеси Улуттук китепкананын Сауд Араб жана маданият борборунда улантылды.
 Жазуучу Сейит Жетимишов чыгыш акындарына мүнөздүү табигый көрүнүш  – Байтемировдо да бар экенин суктанган куплеттерди бир эле чийген бойдон оңдобой жазгандыгын, Омор Хаям, окумуштуу, математик, астроном болгонуна карабастан рубаилерин бир гана шилтеп тыштай берген. Жами, Рудаки, Яссави улуу саптарын бир шилтеп  жазган саптарынан ойго бай, асыл саптарды учуратасың. Акын өзү таланттуу болгондуктан чыныгы таланттарды да таба да, баалай да билгендигин эскерди. .
 Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын артисттери “Аста секин, колукту” операсынын либреттосунан үзүндү аткарып беришти.
Көп  кырдуу талант “Айнажан”, “Кылчактап неге карадың”, “Эсте секет”, “Кайыкта”, “Каркыралар”, “Кетип барам, кетип барам алыска”, “Жайлоодо” аттуу ж. б.  обондуу ырлардын текстинин автору.
 Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов “Насирдин Байтемировдун эпосу” аттуу макаласында: “Насирдин Байтемиров мага ошол өз иши менен күндүр-түндүр, жайдыр-кыштыр алышып, кашы-башына чейин агала болгон, талбаган эмгекчини, тегирменчини элестетет...” Ал эми Кыргыз Эл акыны Кубанычбек Маликов көп жыл мурда өзүнөн алда канча кичүү Насыкени, мен сендей залкар менен замандаш болгонум үчүн сыймыктанам деген. Көрсө улуулукту улуулук гана баалайт турбайбы. Насирдин Байтемиров эл-жери үчүн улуу адам бойдон кала берет.
 Жазуучунун эмгегин эли-журту, коомчулук жогору баалап, ага “Кыргыз эл жазуучусу”, “Кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наамдар берилген. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. “Эмгек кызыл Туу”, “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Китеп-сүрөт көргөзмөгө китептер, газеталык-журналдык материалдар, фотодокументтер, ал жөнүндөгү макалалар коюлду.
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian