Главная страница  
18.11.2017
Мы в соцсетях
FacebookInstaGramFlickr
Кто он-лайн
Сейчас на сайте:
Гостей - 4
Садыр Акенин кыргыз тарыхындагы орду
06.05.2016
 2016-жылдын 27-апрелинде, саат 11.00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын  Улуттук китепканасынын фойесинде кара кылды как жарган калыс, даанышман, көрөгөч, тарыхый инсан Жолболду уулу Садыр акенин  “Кара кылды как жарган, калыстыкты издесең Садыр Акеге бар” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөнүн ачылышы жана  “Садыр Акенин кыргыз тарыхындагы орду” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
 Иш чарага мамлекеттик жана коомдук, илимий жана маданий ишмерлер: А.Какеев, А.Жуманалиев, Т.Абдрахманов, А.Ормушев, Казахстан УИАнын профессорлору, тарыхчылар В.Галиев,К.Хафизова, Эгин Айан (Туркия), К.Конкобаев, А. Беделбаев,  Д.Сапаралиев, А. Абдылдаев, Ж.Каниметов, студенттер, “Кожояр Ата” коомдук фондунун мүчөлөрү, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
 А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана директору Ж.Бакашова китеп-сүрөт көргөзмөнүн ачылышын жана илимий-практикалык конференцияны кириш сөз менен ачты.
 “2016-жыл Тарых жана маданият жылынын” иш-чараларынын алкагында тарыхыбыздагы чыгаан инсандарыбыздын өрнөктүү өмүр жолдорун тереңирээк изилдеп, алардын маани-маңызын коомчулукка жеткизүүдө элибизде даанышман атакка ээ болгон Садыр аке Жолболду уулунун жана анын урпактарынын баскан жолу бул жалпы кыргыз элинин тарыхынын барактары экендигин бүгүнкү Эл аралык илимий-практикалык конференцияда белгиленип, такталып ой бөлүштүрүү максаты коюлуп отурат.
ХIХ кылымда жашап өткөн, көзү тирүү кезинде эле “Аке” деген атактуу наамга арзыган, даңкы бүткүл кыргызга тараган, бийлик-мансапты көздөбөгөн, эл үчүн жокту бар кылып таба билген айлакер, сынчы, акылман, камкор, ыйманы таза, сөзү эми бар, элине деген балбан деми бар, ак пейил, айкөл, касиеттүү чыгаан инсан Садыр аке болгондугун айтты.
 Кыргыз Республикасынын УИАнын академиги, профессор А.Какеевге берилип, ал “Садыр Акенин коомдук көз караштары” тууралуу доклад окуду.
Садыр Аке бугу-саяк, солто-сарбагыш гана эмес, калыстыгы менен казак, кыргызга тең киши болгон. Болуш да болгон эмес, бай да болгон эмес. Эч мансабы жок, эл үчүн күйгөн акылман, элдин канын төкпөй, чабыштырбай, элди эл кылып, журт намысын коргогон даанышман болгондугун баса белгиледи.
 КР УИАнын Тарых жана Мурас институтунун директору, профессор А.Жуманалиев “Садыр Акенин тарыхтагы ролу” аттуу темада  доклад жасады.
Эки дөө мамлекеттин Орус-Кытай чек арасын бөлгөндө кыргызда кара кылды как жарган калыс Садыр аке кыргыз жерин коргоп калууга жанын үрөгөн.  Кыргыздын ынтымагы үчүн ич ара ыйкы-тыйкыларга бөгөт болгон. Садыр аке жогоруда белгиленген бийик сапаттары жана адилеттүү ак эмгеги менен өзүнүн замандаштары кыргыз элинин белгилүү инсандары даңазалуу Байтик баатыр Канай уулу, Шабдан баатыр Жантай уулу, Алымбек датка, Нурдөөлөт Жорун уулу, Кыдыр аке Байсары уулу, Байзак баатыр Жаркымбай уулу жана башкалар ызатташып, анын акыл-кеңештерин ардактаган адам болгону талашсыз.
 Т. Абдрахманов, А.Беделбаев, Эгин Айан, К. Конкобаев, Д. Сапаралиев, К Хафизова, В.Галиев, А.Абдылдаев, О.Рысбаев, Ысык-Көл районунун администрация башчысы Р. Имангазиевдер да сөз сүйлөшүп, Садыр Акенин кыргыз элине болгон эмгегин өтө жогору баалашып, ошол заманда элин ар кандай кыйынчылыктан коргогон эр азаматтар болгондугун айтышты.  Бүгүн биз өзгөчө бир тарыхый окуяга Садыр акенин өмүрүнө арналган Эл аралык илимий-практикалык конференцияда улуу ойчулдун кыргыз элине өтөгөн эмгегин эскерип, аруу оюна дагы бир ирет бөлөнүп, анын элибиздин рух тарыхындагы ээлеп турган мыйзамдуу орду айкын далили десек болот.
 “Кожояр фонду” демилге көтөрүп Садыр акенин элине-журтуна өтөгөн кызматын даңазалап, акылман тунук ойлорун, кеменгер пейилин, коомдук ишмердигин урпактарга тартуулап отургандыгы колдоого аларлык дешти.
1991-жылы Ысык-Көлдөгү Кожояр айылында Садыр Акенин күмбөзү тургузулуп, 2014-жылы анын жанына колодон эстелиги орнотулган.  Маркум Акмат Карыбаев аксакал жазган “Санжыралуу Садыр Аке” аттуу китеп эки жолу басылып чыккан. Ал эми кийинки жылдарда белгилүү тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиевдин изилдөөлөрүнүн натыйжасында көптөгөн архивдик материалдар табылып “Садыр Аке” тарыхый китебинин чыгарылышы элге тартууланып отурат.
 Бүгүнкү өтүп жаткан “Садыр Акенин кыргыз тарыхындагы орду”  эл аралык илимий-практикалык конференциянын максаты Ысык-Көлдөн чыккан жети Акенин бири Садыр Акени тарыхый улуу чыгаан катары эл аралык деңгээлде эскерүү, анын өрнөктүү жашоосун таануу жана таанытуу, жаштарды өз тарыхын билүүгө, эли-жерин сүйүүгө үндөө, атуулдук жана улуттук аң-сезимин жайылтуу болуп саналат.
 Илимий-практикалык конференция жылуу маанайда өткөрүлдү. Заманыбыздын залкар комузчусу Н.Уралиев агайыбыз   өзүнүн күүсүн чертип берди.
  Китеп-сүрөт көргөзмөгө Садыр Аке жөнүндөгү китептер, газета-журналдык макалалар, фотодокументтер колду.
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian