Главная страница  
29.03.2017
Кто он-лайн
Сейчас на сайте:
Гостей - 5
Кыргыздын чыгаан уулу, эл сыймыгы
27.12.2016
      2016-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын “Кытай билим берүү жана маданият борбору” залында Тарых жана маданият жылынын алкагында мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 115 жылдыгына арналган “Кыргыздын чыгаан уулу, эл сыймыгы” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана тегерек үстөлдүн ачылышы болуп өттү.
     Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду тарабынан уюштурулган. 
     Көргөзмөгө: тарых илимдеринин доктору, профессор Д.Сапаралиев,   тарых  илимдеринин доктору, профессор Т.Абдрахманов, Б.Бөрүбашев, педагогика илимдеринин доктору, професссор Ж.Каниметов, тарых илимдеринин кандидаты К.Молдокасымов, А.Кубатова,  Ж. Байдилдеев, М. Иманкулов, ЖОЖдордун студенттери, маданият кызматкерлери катышышты.
     Китеп-сүрөт көргөзмөсүн Улуттук китепкана директорунун илим боюнча орун басары Р.Буларкиев кириш сөз менен ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду.  Белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекети үчүн кылган эмгеги катаал шартта да эли үчүн чын дили менен кызмат өтөгөндүгү бизди суктандырат.   Ж. Абдрахманов кыргыз элинин өз алдынча мамлекет болушуна катуу кам көрүп, ошондой эле кыргыз тилинин мамлекеттик статус алышына көп аракет жумшаган. Кыргыз элинин сабаттуу болушун эңсеп, калк арасындагы билимдүү жаштарга ар дайым колдоо көрсөткөн деп баса белгиледи.
   Ал эми тарыхчылар анын кылган эмгегин, өзү да билимдүүлүгү, маданияттуулугу менен башкалардан айырмаланганын, ал эмес башка улуттарга да камкордук көргөнүн, өзү жашаган доордогу кемчиликтерди тайманбай, коркпой баса көрсөткөн эрдиктерин айтышты.   Республиканын экономикасын көтөрүүдө, маданиятын өнүктүрүүдө жигердүү иштеп, кадрларды тандоодо, аларды даярдоо маселесинде да өтө дыкаттыгы байкалат.
     Жусуп Абдрахманов кыргыз элинин тарыхындагы көп улуттуу максаттарды ишке ашырган.  Чыгаан саясатчы, көйкашка жетекчи, кыргыздын чыныгы мекенчил уулу Жусуп Абдрахманов жөнүндө кийинки муундарга да жеткирип туруу улуу муундардын милдети болуш керек. Анткени анын ар бир баскан жолу, сүйлөгөн сөзү, жазган каты баарыбызга үлгү бойдон калат деп ойлойм. Ошентип Ж.Абдрахманов өз доорунун ишмери болгон.
     Ж.Абдрахмановдун ысмы менен Таштак айылынын кеңешине жана борбор калаабыздын бир көчөсү аталган. Каракол, Бишкек шаарларында эстелиги орнотулган.
   Ж.Абдрахманов жөнүндөгү маалыматтар көргөзмөдө китептер, газета-журналдык публикациялар, макалалар, эскерүүлөр орун алган.
Иш чара катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, өз максатына жетти. 
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian