Главная страница  
25.03.2017
Кто он-лайн
Сейчас на сайте:
Гостей - 8
23-февраль – Ата Мекенди коргоо кЇнЇ
24.02.2017
   2017-жылдын 22-февралында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын юридикалык адабий бөлүмүндө “ 23- февраль – Ата Мекенди коргоо күнү” аттуу китеп көргөзмөсү коюлду.
     23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнү. 1918-жылы дал ушул күнү Кызыл Гвардия отряды Германиянын аскерлерин Псков жана Нарва аймагынан алгачкы жолу жеңип алган. Бул алгачкы жеңиш “Кызыл Армиянын туулган күнү” деп аталып калган.
     1922-жылы бул дата расмий түрдө Кызыл Армиянын күнү деп жарыяланган. Кийин СССР маалында бүткүл элдик майрам 23-февраль - Советтик Армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү деп, жыл сайын белгилене баштаган.
    Советтер Союзу тарагандан кийин Кыргызстанда бул дата 2003-жылдан тартып жалпы элдик майрам катары киргизилген. Ошондон бери бул күн Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп белгиленип келет.
    Көргөзмө Ата Мекенди коргоочулар жөнүндө китептер, адабияттар жана кыргыздын төмөнкү макал-лакаптары менен коштолду.
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian