Главная страница arrow Мероприятия arrow Самар Мусаевдин 90 жылдыгына карата китеп кйргйзмйсЇ  
24.04.2017
Самар Мусаевдин 90 жылдыгына карата китеп кйргйзмйсЇ
25.02.2017

А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 27- февлраль 2017-жылы белгилүү окумуштуу “Манас” изилдөөчү Самар Мусаевдин 90 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү уюштурулат.

Белгилүү окумуштуу Мусаев Самар 1927-жылы 23-февралда азыркы Нарын областынын Ат-Баша районунун Казыбек айланда туулган.

“Манас” изилдөөчү, адабиятчы, 1962 –жылы филология илимдеринин кандидаты, 2001-жылдары КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер, 1998- 2000- жылдары КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты.1949-жылдары Фрунзедеги пед институтту бүтүргөн. 1949-жылдан ушул институтта окутуучу болуп иштеген. 1950-жылы эң алгач уюштурулган кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, 1965-88-жылдары Кыргыз ССР ИАнын Тил, адабият институтунда “Манас” секторунун башчысы, 1988-жылдан жетектөөчү илимий кызматкер, бөлүм башчы болуп өмүрүнүн акырына чейин эмгектенген.

Мусаев көптөгөн окумуштуулардын “Манас” эпосуна арналган илимий макалаларынын кол жазмаларын чогултуп, иретке келтирип, 1968-жылы “Манас” героический эпос кыргызского народа” деген китепти басмадан чыгарган анын түзүүчүсү жана редактору болгон, 1968-жылы С. Каралаевдин “Манас”, “Семетей”, эпосторун магнитафонго көчүрүп алууга катышкан. Анын “Эпос Манас” деген монографиясы 1979-жылы орус тилинде жарык көргөн. Ушул эле эмгек 1984- 1985-жылы орус, немис, англис тилдеринде бир китеп болуп жарык көргөн. 1986-жылы С. Орозбаков менен С. Каралаевдин варианттары боюнча “Манас” эпосунун 1-бөлүмүн кара сөз түрүндөгү баяндамасын жазып, жарыкка чыгарган. “Манас” энциклопедиясын чыгарууга жигердүү катышкан.

Бул китеп көргөзмөгө анын өмүр баяны, өзүнүн жарыкка чыккан китептери, газета- журналдардагы очерктер, эскерүүлөр, макалалар, статьялар жайгаштырылды.

Дареги: А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасы Сейрек

кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү.

2-этаж. № 57 каб. Тел: 30–46-79.

Последнее обновление ( 25.02.2017 )
 
< Пред.   След. >