Башкы бет arrow Мероприятия arrow 5-март - Ак калпак кЇнЇ  
26.06.2017
Мы в соцсетях
FacebookInstaGram
5-март - Ак калпак кЇнЇ
06.03.2017
FRONTPAGE_NO_TRANSLATION_AVAILABLE

     2017-жылдын 3-мартында  Кыргыз Республикасынын  А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө  5-март - Ак калпак күнүнө карата
                       “Асманда жарык көрсөң жылдыз деп бил,
                        Калпакчан элди көрсөн кыргыз деп бил”
аттуу көргөзмөсү жана поэзия кечеси уюштурулду.
       Жыл сайын Кыргыз эли 5-март күнү “Ак калпак күнү” деп белгилеп келет. Улуттук майрамдарды көбөйтүү, элди мекенчилдикке үндөө жана улуттук кийимдерди жайылтуу максатында “Ак калпак күнүн” белгилөө демилгесин көтөрүп чыгышкан. Кээ бир ишмерлер калпактын жаңы түрлөрүн сатууга алып чыгып, ярмаркаларды дагы уюштурушат. Бул күнү көптөгөн кыргыз уландары өзүнүн Кыргыз мамлекетине болгон патриоттук сезимдерин көрсөтүшүп бир күн бою калпактарын башынан түшүрбөй кийип жүрүшөт. Калпагын башынан түшүрбөй кийип жүргөн инсандарды айрыкча борбор калаадан көп кездештиребиз.
     Калпак бул – кара же кызыл сызыктары жана оймолору менен ширетилген, ак кийизден жасалган, өткөн замандан бери келе жаткан көчмөн кыргыз элинин кийизден жасалган салттуу мырзалардын баш кийими. Дал ушул калпак, аны кийип жүрүүчүнүн, социалдык деңгээлин көрсөтүүчү башкы кийим. Бай адамдар төбөсү бийигирээк калпак кийип, ал адамдын боюн узун жана олуттуу кылып көрсөткөн. Алдыга умтулуп, учтары бүгүлгөн бурчтары, ат үстүндөгү адамдарга кайраттуу мүнөз берип турчу. Дүйнөнүн булуң бурчтарында мындай баш кийимди кыргыздар гана эмес жана "казак-кыргыз бир-тууган" дегендей, казак боордошторубуз да кийип жүрүшөт. Кийиз калпактарынын кайталангыстыгы жана оригиналдуулугу булардын универсалдуулугу жана абдан ыңгайлуулугу менен шартталат. Кыштын күнү башты жылуулукта, ал эми жайдын ысык күндөрүндө салкын абалда кармайт. Оңой жыйналып, формасын жоготпой, кармап алууга же капка салып алууга эптүү келет.
     Калпактын ар бир элементи жөнөкөй болбостон өзгөчө мааниге ээ. Сабак жагы дайыма алдыны карай кийилип, арчаны элестетет, ал эми арча болсо кыргыз элинде түбөлүктүүлүк деген маанини берет. Ак кийизге ширелип, калпактын көркүн чыгарып турган оймо-чиймелер жөнүндө болсо жүздөгөн легендаларды айтып берүүгө болот. Анткени булардын ар бир элементтери өз маанисине ээ.
     Бүгүнкү күндө "Ак калпак" кыргыз элинин бир улуу айкөл адамы тарабынан жасалган деп тарыхчылар айтууда.
Окумуштуу-этнограф Лев Гумилев "Калпак өзүнүн формасы менен тоолорду, боз үйдү жана ошону менен бирге египет пирамидаларын элестетет" - деп айтып өтүптүр.
    Баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, Кыргыз эли үчүн ак калпакты кийүү кандайдыр бир ыйык сезимдер менен коштолот. Ошондой эле кыргыз элинде өз калпагын бирөөгө тартуулап, аны менен ойноп, өйдө ыргытууга, жерге коюууга болбой турган салт-санаалары бар. Аны жөн гана белек катары сыйлуу адамдарга гана ошондой эле жакындарына берет.
    Кыргыз калпагы бүткүл дүйнөгө таанымал болуп, акыркы убакта абдан белгилүү баш кийимдердин катарына кирип калды деп сыймыктануу менен айтсак  болот.
     Көргөзмөдө китептер,  газеталык макалалар орун алган.
    Иш чарага коомдук ишмерлер, акын, жазуучулар, маданият кызматкерлери, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышат.


Дареги: Бишкек tu. Ю. Абдрахманов көч., 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы тел.: 30-50-57, 30-47-04
 
< Мурдагы   Кийинки >
EnglishKyrgyzRussian