Главная страница arrow Мероприятия arrow Алп манасчы - Сагынбай Орозбаков  
26.04.2017
Алп манасчы - Сагынбай Орозбаков
10.03.2017
  2017-жылдын 3-мартында дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө белгилүү манасчы   Сагынбай Орозбаковдун  150 жылдыгына арналган «Алп манасчы»  аттуу китеп көргөзмөсү өткөрүлдү.
     Көргөзмөгө кыргыз эл жазуучулары  К.Жусупов, М.Абакиров, М.Байджиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан Филология илимдеринин доктору, профессор А. Акматалиев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлери Б.Максүтов, С.Касмамбетов,  И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Манастаануу институтунун директору Т.Тургуналиев, К.Молдоканов, Ж.Уразова маданият кызматкерлери, ЖОЖдордун студенттери,  массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
     Бул иш-чараны манасчы Рысбай Исаков “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен баштады.
   Улуттук китепкана директору Ж.Бакашова С.Орозбак уулунун 150  жылдыгына карата иш-чарада сөз  сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду.
    “Манас” эпосу дүйнөлүк эпиканын асманында ажайып феномен экендиги талашсыз. “Манас” эпосу тарыхтын кыйын кезеңдеринде элди баш коштуруп, дем берген улуттук ураан, асаба, туу сыяктуу роль ойноп келди. 
    “Манас” бүтүндөй доордун, көчмөн цивилизациянын, көчмөн маданияттын көөнөргүс мурасы, энциклопедиясы, ыйык китеби болуп саналат.
   Алп манасчы Сагымбай жомокчу, кошокчу, манасчы, семетейчи жана дастанчы, жар чакырган төкмө акын, терме, санат, үлгү ырларын жараткан нускоочу акын. Ал аткаруучу, казалчы гана эмес, тамсилчи катары таанылган, санжырачы-тарыхты да мыкты билген, көзү ачыктык жагы да, олуя ырчы катары акындар арасында белгилүү болгон. Кыскасы, эл “Манасты” жараткан, кайра “Манас” элди үйрөткөн. Негизи “Манас” бул миңдеген жылдарга калган кыргыз өмүрү, элибиздин жүзү.
    Баардык манасчылардай эле ал дагы “Манас” айтууну түш көрүү менен байланыштырган. Ошондой болсо да анын манасчы болуп калыптануусуна Балык, Найманбай жана башка манасчылар зор таасир тийгизген. Сагынбай биринчи жолу “Манасты” толугу менен Тыныбектин жана улуу муундагы манасчылардан Балыкты көрүп, алардын айтканын уккан.
    С.Орозбаков “Манас” айтууну бир эле географиялык чөйрөдө же бир эле айылдын аймагында айтуу менен чектелип калбастан, ал кыргыз жергесинин көптөгөн жерлеринде болуп, “Манасты” ар дайым эл кыдырып, жер которуп жүрүп жаздырган. Сагынбай “Манасты” жаздырууда  чыгармачыл шыктануу менен киришип, бир эле жылдын ичинде эпостун биринчи жана экинчи бөлүмдөрүн, башкача айтканда Манастын төрөлүшүн, балалык чагын, кан көтөрүлүшүн айтууга үлгүргөн. Сагымбай Орозбак уулу “Манас” үчилтигин тең толук айткан укмуштуудай  таланттуу адам болгон, өзгөчө “Семетейди” ченемсиз эргүү менен айтып, өзүн “Семетейчимин” деп айтчу экен. Тилекке каршы, андан “Семетей” эпосу жазылбай калганына Ы.Абдырахманов өтө катуу өкүнгөн экен.
    Кыргызстандын улуттук сыймыгы жана улуу мурасы болгон “Манас” эпосун сактоодо жана өнүктүрүүдө баа жеткис салым кошкон Сагынбай Орозбак уулу деп баса белгиледи.
  Кыргыз эл жазуучулары К.Жусупов, М.Абакиров, М.Байджиев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Б.Максүтов, С. Касмамбетов,  Ж.Уразовалар сөз сүйлөштү. Алар дүйнөгө атагы чыккан окумуштуулар М.Ауэзов, В.Жирмунскийдин эмгектеринен тартып элибизге белгилүү болгон илимпоздор Р.З.Кыдырбаева, С.Мусаев, С.Бегалиев, А.Жайнакова ж.б. көптөгөн окумуштуулардын монографияларына чейинки изилдөөлөрүнүн объектиси негизинен Сагымбай Орозбак уулунун варианты болуп саналат. 
   Сагынбай түшүнүгү кенен, кат тааныган, араб арибинде жазылган материалдарды окуй алган өз учурунда билимдүү адам болгондугу, “Манас” айтууга чейин (“Манас” айтууну 15-16 жашында баштаган) эле лирикалык, тамашалуу ырларды чыгарып, элдин оозуна алынгандыгы эскерип өтүштү. Кыргыз элине баа жеткис салым кошкондугун айтышты. М.Байджиев студенттерге кайрылып, Сагымбай Орозбаковдун вариантын сөзсүз түрдө окуп чыккыла, бул эпостун лексикасы өтө бай деди.
    Көргөзмөдө Сагымбай Орозбак уулу жөнүндөгү китептер, “Манас” эпосу  китептери,   макалалар, эскерүүлөр орун алган. Иш-чаранын аягында манасчы Дөөлөт Сыдыков “Манас” эпосунан үзүндү айтып берди.
     Иш чара жакшы маанайда өткөрүлдү.
 
< Пред.   След. >