Башкы бет arrow Мероприятия arrow Ак калпак – бул улут сыймыгы  
24.03.2017
Ак калпак – бул улут сыймыгы
13.03.2017
NO TRANSLATION AVAILABLE

     2017-жылдын 3-мартында  Кыргыз Республикасынын  А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө  5-март Ак калпак күнүнө карата
            “Асманда жарык көрсөң жылдыз деп бил,
            Калпакчан элди көрсөн кыргыз деп бил”
аттуу китеп көргөзмөсү жана поэзия кечеси уюштурулду.
     Көргөзмөгө коомдук ишмерлер, акын, жазуучулар, маданият кызматкерлери, студенттер  катышышты.
     Жыл сайын Кыргыз эли 5-март күнү “Ак калпак күнү” деп белгилеп келет. Улуттук майрамдарды көбөйтүү, элди мекенчилдикке үндөө жана улуттук кийимдерди жайылтуу максатында “Ак калпак күнүн” белгилөө демилгесин көтөрүп чыгышкан.
    Бул күнү көптөгөн кыргыз уландары өзүнүн Кыргыз мамлекетине болгон патриоттук сезимдерин көрсөтүшүп бир күн бою калпактарын башынан түшүрбөй кийип жүрүшөт.  Бул болсо мекенди сүйүүгө, улуттук каада-салтыбызды сактоого өбөлгө түзөт. Жаштарды кандайдыр бир деңгээлде духун көтөрүп, рахат тартуулайт.
     Калпак бул – кара же кызыл сызыктары жана оймолору менен ширетилген, ак кийизден жасалган, өткөн замандан бери келе жаткан көчмөн кыргыз элинин кийизден жасалган салттуу мырзалардын баш кийими. Дал ушул калпак, аны кийип жүрүүчүнүн, социалдык деңгээлин көрсөтүүчү башкы кийим. Бай адамдар төбөсү бийигирээк калпак кийип, ал адамдын боюн узун жана олуттуу кылып көрсөткөн. Алдыга умтулуп, учтары бүгүлгөн бурчтары, ат үстүндөгү адамдарга кайраттуу мүнөз берип турчу. Калпактын ар бир элементи жөнөкөй болбостон өзгөчө мааниге ээ. Сабак жагы дайыма алдыны карай кийилип, арчаны элестетет, ал эми арча болсо кыргыз элинде түбөлүктүүлүк деген маанини берет. Ак кийизге ширелип, калпактын көркүн чыгарып турган оймо-чиймелер жөнүндө болсо жүздөгөн легендаларды айтып берүүгө болот. Анткени булардын ар бир элементтери өз маанисине ээ.
      Бүгүнкү күндө "Ак калпак" кыргыз элинин бир улуу айкөл адамы тарабынан жасалган деп тарыхчылар айтууда.
    Баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, Кыргыз эли үчүн ак калпакты кийүү кандайдыр бир ыйык сезимдер менен коштолот. Ошондой эле кыргыз элинде өз калпагын бирөөгө тартуулап, аны менен ойноп, өйдө ыргытууга, жерге коюууга болбой турган салт-санаалары бар. Аны жөн гана белек катары сыйлуу адамдарга гана ошондой эле жакындарына берет.
    Кыргыз калпагы бүткүл дүйнөгө таанымал болуп, акыркы убакта абдан белгилүү баш кийимдердин катарына кирип калды деп сыймыктануу менен айтсак  болот.
    Калпак күнүнө карата кыргыз эл акыны Г.Момунованын “Ак калпак” аттуу ырынан студенттер көркөм чеберчиликте окуп беришти. Иш-чара кызуу колдоого алынып, жакшы маанайда өткөрүлдү.
     Көргөзмөдө китептер,  газеталык макалалар орун алган.
 
< Мурдагы   Кийинки >
EnglishKyrgyzRussian