Главная страница arrow Мероприятия arrow “Унутпа менден алган ырларыЈды”  
26.06.2017
Мы в соцсетях
FacebookInstaGram
“Унутпа менден алган ырларыЈды”
16.03.2017
    2017-жылдын 17-мартында  саат  14-00 А. Осмонов атындагы  Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Унутпа менден алган ырларыңды” аттуу Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси жана Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, ”маданияттын мыкты кызматкери”    Ажыбеков Шаршенбайдын  “Алыкул жана музыка”, “Алыкул жана искусство”,  “Арпа элестери” аттуу   китептеринин  бет ачаары   өткөрүлөт.
   2010-жылы  Шаршенбай Ажыбековдун  Алыкулдун чыгармасына кызыгуусу артып,  чыгармачылык жолу башталган.  2013-жылы “Ак Бейит” деген эссе, иликтөө түрүндө жазылган чыгарманын  автору. Китепте сүйүү, тагдыр жана жаш кыздын өз бактысына жетиш үчүн көптөгөн  кыйынчылыктарга дуушар болушу чагылдырган.
    2014-жылы “Алыкулдун Ак боз  ат, аалам кезип баратат” аттуу тарыхый көркөм чыгарма китеби  “Нур-Ас” басамаканасынан жарык көргөн.  Бул китептер Алыкулдун 100 жылдык  мааракесине арналган.
   Шаршенбай Ажыбеков өзү  демөөрчү жана түзүүчү катары      2015-жылы Алыкул Осмоновдун  “Ырлар жыйнагынын” биринчи томдугун  чыгарган.
  Кийинки китеби “Алыкул жана музыка” аттуу ноталуу китебине  обон чыгарылып,  эл арасында ырдалып жүрөт. Ушуга карата  ноталуу жыйнагынын  I томдугу чыккан. Бул китеп музыка ышкыбоздорунун көңүлүнөн орун  табат.
   Иш-чарага  Казак эл  жазуучусу Сабит Асанов,  Казак Республикасына  эмгек сиңирген кайраткер, эл акыны  Касымхан Бегманов, министрликтин өкүлдөрү,  окумуштуу академик, профессорлор, акын – жазуучулар, Алыкулду сүйүүчүлөр,  студенттер, ЮСАИДин “Туберкулезди жеңебиз” долбоорунун  кызматкерлери,  ж. б. катышышат.


Ул. Абдрахманова № 208.
Национальная библиотека КР  им. Алыкула Осмонова
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian