Главная страница arrow Новости arrow Манасчы Мамбетаалы Ашымбай уулу  
27.09.2017
Мы в соцсетях
FacebookInstaGramFlickr
Манасчы Мамбетаалы Ашымбай уулу
12.04.2017
    Алыкул Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 14-апрель 2017-жылы манасчы  Мамбетаалы Ашымбай уулунун туулган күнүнүн 120 жылдыгына (1897-1969) карата китеп көргөзмөсү уюштурулат.
    Мамбетаалы (Көкчеке) Ашымбай уулу бугунун арыкмырза уруусунун сейтказы уругунан. Ал 1897-жылы Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Кайырма-Арык айылында жарык дүйнөгө келген.
  Мамбетаалы бала кезинен жомокторду, элдик санжыраларды, уламыштарды берилип уга турган. Өзү да ыр чыгарып, жаштардын арасында жамактатып ырдап жүргөн. Бара-бара ал өз айылында ырчы аталып кетет. Мамбетаалы жаш кезинен “Манаска” абдан    кызыккан 16-17 жаш чамаларында Көл башындагы жомокчу Чоюке айылына келип, кыштап “Манас” айтат. Чоюкеден эпосту бир канча жолу угуп, чыгарманын негизги окуяларын, белгилүү сюжеттик мотивдерди, поэтикалык жалпы орундарды үйрөнүп, таалим алат. Мына ошондон тартып Мамбетаалы “Манас”, “Семетей” бөлүмдөрүнөн үйрөнгөн  эпизоддорду эл алдында айта баштайт. Улам башка чоң манасчыларга жолугуп, билгенин толуктап, өркүндөтүп турган. Ал кошуна айылда жашаган  чоң жомокчу Назар жана анын уулу Жүгөрүдөн таалим алган. Мындан башка Улуу-Тоолук манасчы Шапак Рысменде уулунун да “Манас” айтканын бир нече жолу угуп, айта билүүнүн  чеберчилигин үйрөнгөн.        
     Бардык манасчылардай эле, аян-түштүн себебинен манасчылык кесипти аркалап калган.  Мамбетаалы манасчыдан “Манасты” жазып алуу иши 1962-жылы башталган. Андан эпостун “Манас” бөлүмүнөн; “Манастын Каныкейге үйлөнүшү”, “Көкөтөйдүн ашы”, “Алмамбеттин аңгемеси”, “Коңурбайдын чабуулу”, “Манастын өлүмү” деген эпизоддору, ал эми “Семетей” эпосу ырааты менен, дээрлик толук түрдө жазылып алынган.
    Мамбетаалы Ашымбай уулу 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катышып, ошол жылдан тартып 1941-жылга чейин Ысык-Көл областык драмтеатрында иштей баштаган, кийин ден-соолугуна (кызыл жүгүрүк оорусу менен ооруп) байланыштуу өз айылына көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Өз айылында жашап, өмүрүнүн акырына чейин эпосту дайыма чыгармачылык менен өнүктүрүп айтып келген. 1969-жылы айылында жарык дүйнө менен кош айтышкан.
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian