Home page arrow Events arrow Кыргыз адабиятынын патриархы, улуу калемгер  
Saturday, 19 August 2017
Мы в соцсетях
FacebookInstaGramFlickr
Кыргыз адабиятынын патриархы, улуу калемгер
Tuesday, 16 May 2017
There are no translations available

   2017-жылдын 12-майында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Түгөлбай Сыдыкбековдун 105 жылдыгына арналган «Кыргыз адабиятынын патриархы, улуу калемгер» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.
   Көргөзмөгө кыргыз эл жазуучулары  М.Абакиров, К.Ашымбаев, кыргыз эл акындары А.Өмүрканов, Гүлсайра Момунова, философия илимдеринин доктору, профессор Ж.Каниметов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Т.Орокчиев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,жазуучу С.Жетимишов, коомдук ишмер Ж.Жекшеев, Нурпаис Жаркынбаев, Т.Мамытов, маданият жана илимий кызматкерлер, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Т.Сыдыкбековдун  туугандары, жердештери катышышты.
   Китеп-сүрөт көргөзмөсүн жана эскерүү кечесин Улуттук китепкана директору Ж.Бакашова кириш сөз менен ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду.
Улуу жазуучу, журттун акылман аксакалы Т.Сыдыкбеков кыргыцз адабиятынын тарыхында бирден-бир көрүнүктүү прозаик катары өзгөчө орунга ээ.
    Кыргыздын классик жазуучусу, ХХ кылымдагы кыргыз совет адабиятынын кеменгер калемгерлеринин бири, даңкы далайга кеткен, таланты таш жарган сүрөткерлеринин, профессионал адабиятыбызга негиз салган романчылардын дарканы Т.Сыдыкбековдун 105 жылдыгын белгилеп отурабыз. 
    Тугөлбай атабыз акылман ак дил сөздөрүн айтып, кажыбас кайратынан, адамдык бийик парасатынан жазбай кыргыз элим, кыргыз жерим деп жүрүп өмүр өткөрдү. Дегеле Түгөлбай атанын өмүр жолу, чыгармачыл көрөңгөсү, көптү билген көйкашкалыгы кийинки өсүп жаткан муундарга өзүнчө өрнөк болчу тарых десек жаңылышпайбыз. Көркөм сөз чеберинин өмүрү  менен чыгармачылыгы кыргыз элинин тарыхы менен тилине, маданияты менен агартуу ишине болгон көз карашынын ажырагыс биримдиги ага накта улуттук жазуучу сыймыгын алып келген.  
    Кыргыз эл жазуучулары  М.Абакиров, К.Ашымбаев, кыргыз эл акындары А.Өмүрканов, Гүлсайра Момунова, философия илимдеринин доктору, профессор Ж.Каниметов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Т.Орокчиев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,жазуучу С.Жетимишов, коомдук ишмер Ж.Жекшеев, Нурпаис Жаркынбаевдер сөз сүйлөштү. Алар Т.Сыдыкбековдун өмүрү чыгармачылыгына токтолушту. 
    Кыргыз эл акындары Гүлсайра Момунова, А.Өмүркановдор Т.Сыдыкбековго арнап жазган ырларынан көркөм чеберчиликте окуп беришти. КМУУнун филология факультетинин студенткасы Талантбек кызы Нуржамал Т.Сыдыкбековдун “Күрөш” аттуу ырлар жыйнагынан “Замана” ырын көркөм окуп берди.  Т.Сыдыкбековдун кыргыз маданиятына анын ичинде адабиятка кошкон салымы ат көтөргүс. Анын кыргыз элинин өткөн жана бүгүнкү турмушу жөнүндөгү санат-санжыралуу чыгармалары ар бир кыргыз баласынын  колунан түшпөгөн чыгарма экендиги кадиксиз.
    “Күрөш”, “Баатырлар”, “Акын булбул”, “Түн жарчысынан кабар” сыяктуу ыр жыйнактарын жараткан.
   Өз учурунда жалпы совет адабиятында эң мыкты чыгармалардан эсептелген “Тоо арасында” (“Кең-Суу”) роман эпопеясын жазган.
   Анын жараткан “Памир”, “Биздин замандын кишилери”, “Тоо балдары”, “Зайыптар”, “Курбулар”, “Ыманбай пейил”, “Көк асаба”, “Жол”, “Бел-белес” аттуу көлөмдүү романдары даана жазылган тарыхый летописи десе да туура болот.
  Алтымышынчы жылдары залкар прозаик поэзия жанрына кайрадан кайрылып, “Көкөй кести”, “Адамдарга кайрылуу” ыр жыйнактарын жазган. Драматургия жанрында да белсемдүү эмгек кылып, “Күчтүү жүрөк”, “Канжар”, “Кыштак кожоюндары” аттуу пьесаларын, “Манас жана Алманбет” аттуу эпикалык драмасын жараткан.
 Жазуучу кыргыз окурмандарына котормочу катары орустун классиктери                      А. С. Пушкиндин, Н. А. Некрасовдун, Д. Бедныйдын, А. П. Чеховдун, А. Серафимовичтин, М. Шолоховдун чыгармаларын кыргыз тилинде тартуулаган.
   Т. Сыдыкбековдун макалалары, өзгөчө “Манас” эпосунун генезиси, тарых менен кыргыз тили, дили, маданиятына байланыштуу жазылган илимий иликтөөлөрү бүгүнкү күндө да өтө актуалдуу.
   Жазуучу өзүнүн соңку китебин “Мен миң жыл жашадым” деп бекеринен атаган эмес, чындыгында эле Т. Сыдыкбеков миң жылга татырлык өмүр өтөгөн улуу калемгер.
    Адам жазуучу жана академик катарында Т.Сыдыкбеков эне тилибиздин таза жана бай, көркөм болушуна өтө кыраакы жана камкор мамиле кылган. Жазуучулук кесипте тилден өткүр таасирдүү курал жок экендигин баамдап, эскирген сөздөрдү орундуу, атайын көркөм жүк менен, ашкан чебердик менен кылдат пайдаланган. 
    Түкөбүз өмүр бою, көзү жумулганча кыргыздын көркөм сөз өнөрүнө кызмат өтөп, артына ат көтөргүс сөз мурасын калтырып кетти.
   Анын кыргыз адабиятына кошкон бараандуу эмгеги жогору бааланып, Ленин, эки ирет Эмгек Кызыл Туу, “Элдердин достугу” ордендери, медалдары менен сыйланган.
  Т. Сыдыкбеков “Биздин замандын кишилери” аттуу романы үчүн Мамлекеттик сыйлыктын лауреаттыгына татыктуу болгон. 1997-жылы “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы берилген.
    Китеп-сүрөт көргөзмө эки бөлүктөн турат:
1. Кыргыз адабиятынын патриархы;
2. Залкар сүрөткер, кара сөздүн устаты.
   «Кыргыз адабиятынын патриархы, улуу калемгер» аттуу көргөзмөдө  жазуучу жөнүндөгү маалыматтар, китептер, газета-журналдар, фотодокументтер, публикациялар, макалалар орун алган.
   Орус адабияты үчүн Лев Толстой канчалык ыйык болсо, кыргыз адабияты үчүн да Түгөлбай Сыдыкбеков ошончолук бийик бойдон тура берет.
   Иш-чара катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, жылуу маанайда өткөрүлдү.
 
< Prev   Next >
EnglishKyrgyzRussian