Башкы бет arrow Мероприятия arrow Боронбай бий жана жети аке феномени  
19.08.2017
Мы в соцсетях
FacebookInstaGramFlickr
Боронбай бий жана жети аке феномени
16.05.2017
FRONTPAGE_NO_TRANSLATION_AVAILABLE

  2017-жылдын 28-апрелинде Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде тарыхый инсандар “Боронбай бий жана жети аке феномени” аттуу китеп көргөзмөсү жана илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.
    Көргөзмөгө кыргыз эл акыны О.Султанов, философия илимдеринин доктору, профессор Ж.Каниметов, тарых илимдеринин доктору Т.Өмүрбеков, коомдук ишмер Э.Каптагаев, тарых илимдеринин доктору А.Ормушев, Ысык-Көл коомдук фондунун төрагасы К.Кускаков, драматург К.Иманалиев, маданият жана илимий кызматкерлер, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү  катышышты.
  Китеп-сүрөт көргөзмөсүн Улуттук китепкана директору Ж.Бакашова кириш сөз менен ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду.
  «Эл башына түн түшсө, эл тилеген эр келет, эр убайын эл көрөт»,–  демекчи, кыргыз элинин башына не деген оор тагдырлар түшүп, нечендеген берендери эл тагдырын чечкен жүгүн аркалаган эр-азаматтар жаралып келген.
Андай көрүнүктүү инсандардын бири бугу уруусунан чыккан Боронбай манапы эле.
  Бүгүн биз өзгөчө бир тарыхый окуяга, көл боюндагы Боронбай Меңмурат уулунун жана жети акенин кыргыз элине өтөгөн эмгегин эскерип, илимий-практикалык конференцияга чогулуп отурабыз.
  Бул конференцияны уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги,  Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы жана «Боронбай бий» жана Жети аке коомдук фонду болуп эсептелет.
  Боронбай бий болжол менен 1779-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Жуулу капчыгайында төрөлүп, 79 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
  Ошол мезгилдеги орус падышачылыгы Боронбайды Бугунун «Чоң манабы» деп тааныса, казактар Боронбайды кыргыздын султаны дешкен. Бирок, кыргызда султан даражасы болбогондуктан Боронбайды хан деп аташкан.
Боронбайдын аракети менен жүз алтымыш жыл мурда кыргыз-казак мамилелери жана чек аралары жөнгө салынган.
  Бүгүн өз элин кор кылбай, көл кылаасынын чек араларын кытай, казак менен чектеп келген Боронбайдан үйрөнчү мисал бүгүн арбын.
  Кыргыз тарыхында биринчи жолу Боронбайдын демилгеси менен кыргыздар орус падышачылыгына кол сунуп, алгачкы кыргыз-орус дипломатиялык мамилелери башталган. Боронбай манап Бугу уруусунан Батыш-Сибирь генерал-губернатору Григорий Глазенапка 1844-жылы жана 1848-жылы кыргызды Россияга кошуусу тууралуу эки жолу кат жөнөтөт. Россия кыргыздар менен достукта болорун жана колдоорун, бирок кабыл албай турганын билдирген. Бул каттан соң 1853–1854-жылдарда бугу менен сарбагыштын чабышы болуп, анда Ормон хандын өлүмү менен аякташы, чатактын ырбашы Боронбайды дагы бир жолу орус бийлигине элчи жиберүүгө түрткөн.
  1855-жылдын 17-январында бугу уруусунун манабы Качыбек Шералы Омск шаарында өз элинин ишенимдүү жана толук ыйгарым укуктуу элчиси колуна куран кармап, кыргыз тилинде ант берет. Орус башчысы бугу элинин кайрылуусун урматтоо менен кабыл алып, сый көрсөтөт, антка кол коюшат.
  Биринчи жолу расмий жана юридикалык норма боюнча ант бекемделип, Ысык-Көлдүк кыргыздардын Россияга кошулуусу жарыяланат.
  Көп өтпөй 1862-жылы Кокон хандыгына каршы Байтик Канаевдин жетекчилиги менен көтөрүлүшү башталат.
  Орус аскерлери жана кыргыз көтөрүлүшчүлөрү менен бирдикте Кокон хандыгынын ишенимдүү жерлери Пишпек – Чүй өрөөнү алынат.
  Токмок крепосту сарыбагыш манабы Шабдан Жантаев тарабынан бошотулат. Чүй өрөөнү бүт бойдон Россияга кошулат.
  Боронбай Меңмурат уулунун бүтүндөй өмүрү эл биримдигине үндөө менен өткөн. Бул кишинин зоболосун Ташкен беги, Кытай императору, Орусия жакшы билген. Орусия ага алтын жалатылган мөөр тапшыргандыгы эле ага болгон ишеним эле, ал орус падышасынын аскердик жогорку чинин – подполковникти алган.
  Бугу манабы өз айланасына  белгилүү инсандарды топтоп, даанышман ойчулардын башын кошууда да чоң эмгек сиңирген.
  Мойт аке, Сарт аке, Садыр аке, Ормон хан, Жантай, Алымбек датка, Тилекмат аке, Калыгул олуя, Балбай, жеркезер Семенов Тянь-Шанский, окумуштуу Чокон Валиханов сыяктуу таанымал кишилер жана жүздөгөн инсандар анын санаалаштары болгон.
  Жүз он беш жылга жакын Россия менен кол кармашкан кыргыз тарыхы Боронбай бийдин ишмердигинен башталган.
  Тарыхый инсан Боронбай бийдин өмүрүн, басып өткөн чыйыр жолун акын-жазуучулар Эрнис Турсунов «Боронбай» романын, К. Маликов «Балбай» поэмасын, А. Токомбаев «Өлбөстүн үрөнү», Эсенбек Медербеков «Тең ата», Туратбек Касымов «Боронбай жана Төрөтай» романдарын жазып калтырган.
  Көл калаасында өз доорунда “Аке” деген улуу жана ардактуу наамга татыгын акелер болгон.Тарыхый маалыматтарга таянсак, Сарт аке Боронбай баатырга кеңешчи болуп, урууларды ынтымакка чакырып, элдин бейкуттугу үчүн зор салым кошкон. Сарт акенин өзгөчө таланттуу шакирти Тилекмат аке болгон, анын касиеттеринин бири асыл ойдун, асыл сөздүн чебери болгон.
  Жаш сурасаң - Карга акеге, бата сурасаң - Мойт акеге, акыл сурасаң - Сарт акеге, айла сурасаң - Тилекмат акеге, чындык издесең - Садыр акеге, калыстык сурасаң - Карач акеге, касиет сурасаң - Кыдыр акеге бар деген сөз эл ичинде бекеринен айтылбаган чыгаар.
  Тарыхый маалыматтарга таянсак, Сарт аке жаш кезинен Бирназар бийге жигит болуп эл аралап, Боронбай баатырга кеңешчи болуп, көл кылаасындагы урууларды ынтымакка чакырып, элдин бейкуттугу үчүн зор салым кошкон.
 Экинчиден Сарт аке өз мезгилиндеги адамдарды адеп-ахлактык тарбиялоонун ырааттуу түрүн түзүүгө умтулган. Ойчулдун пикири боюнча жакшы адамдардын жүзүнөн нур чачырап турат, алар жакшылык үчүн жаралат.
  Ойчул эл жүгүн көтөргөн адамдардын түйшүгүн, эмгегин өзгөчө баалаган. Ошондой эле, ал зөөкүрлүккө, өзүн-өзү басынтуучулукка, асан-кайгылыкка каршы болгон.
  Сарт акенин өзгөчө таланттуу шакирти Тилекмат аке болгон.
  Тилекмат акенин башкы касиеттеринин бири анын асыл ойдун, асыл сөздүн чебери болгон. Ошондуктан, эл ичинде: «Нукура акыл сурасаң Сарт акеге, ыйык бата сурасаң Мойт акеге, асыл сөз сурасаң Тилекмат акеге бар» – деген накыл кеп кеңири тараган.
  Сарт акенин шакирти катарында Тилекмат аке кыргыз пайда болгондон берки ынтымак, биримдик жөнүндөгү ойлордун эң бир берилген, туруктуу талапкери болгон.
  Тилекмат аке сөз чебери катарында өз мезгилиндеги көптөгөн кыргыз урууларынын ортосундагы ымаланы чыңдоого зор салым кошкон.
Улуу ойчул тирешүүнү токтотуунун бирден бир жолу өз ара кечиримдүүлүк деп эсептеген.
  Тилекмат акенин тарыхтагы орду анын тубаса элчи болгондугунда, ал өз элинин коңшу элдер менен ынтымакта болушун көздөгөн. Азыркы элчилер профессионал элчилер болсо дагы коңшу элдер менен ынтымак түзүүдө тубаса элчи Тилекмат акенин тажрыйбасын эске алуулары туура болмок. Элчилерибиз өз элин сүйүүнү, кадырлоону, анын келечеги үчүн күрөшүүнү Тилекмат акеден үйрөнүшү зарыл.
  Дагы бир улуу даанышмандын Байсары уулу Кыдыр акенин өтөгөн эмгектерин эскерип, аруу ойлорун баса белгилеп отурабыз.
  Тарыхый маалыматтарга таянсак Кыдыр аке Бугу уруусунан, Арык уруусунан чыккан манап, таанымал элчи, калмак менен кыргыз, казактардын ортосунда элчи катары белгилүү болгон Олжобай бийдин небереси.
  Кыдыр аке орус менен кыргыз элдеринин ортосундагы байланышты чыңдоого жигердүү катышкан. Романовдор династиясынын 300 жылдык салтанаттуу мааракесине Жети-Суу облусунун Каракол уездинен кадырман  өкүл катары чакырылган. Элчи Кыдыр акенин өз элинин бейкутта жашашын, коңшу элдер менен ынтымакта болушун көздөп, бүгүнкү эгемендүү Кыргыз мамлекети түзүлүп, элчиликтер ачылып жаткан мезгилде өзгөчө зор мааниге ээ.
  Кыдыр акенин эрдиги 1916-жылы улуу Үркүндө өз болушундагы элди кыргындан, ачкачылыктан сактап калган.
  Кыдыр акенин жашоо турмушунда саяпкерлик, мүнөшкөрлүк, комузчулук өнөрү да болгон. Азыркы кезде кыргыз радиосунун алтын фондусунда 28 күүсү сакталып турат. Ал атактуу комузчу Ыбырай Тумановдун устаты болуп, туура жолду тандап алуусуна кеңеш берген.
  Ысык-Көл аймагынан чыккан айтылуу Карга аке, Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Садыр аке, Кыдыр аке сыяктуу ой каймагын калпыган улуу инсандардын, өзгөчө алардын осуяттары ар тараптан колдоого татыктуу жана коом үчүн актуалдуу экенин унутпашыбыз керек.
 
< Мурдагы   Кийинки >
EnglishKyrgyzRussian