Главная страница arrow Мероприятия arrow Акын, драматург жана котормочу Жоомарт Бйкйнбаев  
22.07.2017
Мы в соцсетях
FacebookInstaGramFlickr
Акын, драматург жана котормочу Жоомарт Бйкйнбаев
19.05.2017
   2017-жылдын 16-майында  Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында акын, драматург жана котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин 
“Алтынды сансыз кылып тапкан эмгек,
Адамды адам кылып баккан эмгек” 
аттуу китеп көргөзмөсү өткөрүлдү.
   Бул иш-чарага Президенттин, Өкмөттүн өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары,  Билим жана илим министрлиги, КР УИАнын академиктери, маданият  кызматкерлери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, студенттер жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
   Иш-чараны  Жоомарт Бөкөнбаев атындагы коомдук фонд, «Кут билим» гезитинин редакциясы жана Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы Жоомарт Бөкөнбаевдин чыгармачылыгына арналган «Жоомарт – мекенчил акын» республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.  
  Жоомарт Бөкөнбаев жөнүндө тартылган телефильмден үзүндү жана «Чептен эрдин күчү бек» мультфильми көрсөтүлдү, маданий иш-чаралар, сынактын жеңүүчүлөрүнө ар кандай номинацияларга сыйлыктар ыйгарылды.
Бүгүн 16-май атактуу акын, драматург жана котормочу, кыргыздын нукура адабиятын түптөөчүлөрүнүн бири – Жоомарт Бөкөнбаевдин туулган күнү. Мына бүгүн, “Кут билим сабак” усулдук басылмасы үч ай мурун жарыялаган   «Жоомарт – мекенчил акын» аттуу республикалык мыкты сабак иштемелер сынагын жыйынтыктаганы турабыз.
   Педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев, геология илимдеринин доктору, профессор Кулубек Бөкөнбаев, Жогорку Кеңештин депутаты О.Артыкбаев, профессор И.Болджурова, коомдук ишмер Т.Ишемкуловдор  журналисттер А.Шекенова, А. Масаев, Ж.Эсеналиев, Р.Шакироваларга “Жоомарт Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыкты”   жана Жоомарт Бөкөнбаев атындагы китепкананын адистерине жыл сайын берген стипендияларын тапшырышты. “Мыкты изилдөө сабагы” номинациясы боюнча Аксы районунан Атаканов Узен жеңишке ээ болду. Ал эми “Өзгөчө формадагы сабак” номинациясы боюнча Сокулук  районунан Назира Ормонова жеңүүчү деп табылды.  Сыйлыкты “Кут билим” гезитинин редактору Кубат Чекиров тапшырды. Адабий сыйлыктын ээлерине ары түйшүктүү, ары татаал кесибиңиздерде талыкпастан эмгектене бериңиздер, жаш муундарды патриоттук сезимге тарбиялап, коомубуздун келечеги кең болушуна салымыңыздарды кошо бериңиздер деп каалоо тилек айтышты.
  Улуу акын Жоомарт Бөкөнбаев өз жерин, элин кандай сыйлап, ардактаса, жалындаган жүрөгүн, талантын элге кандай арнаса – ошол касиети бизге өзгөчө жаштарга таалим  тарбия болсун демекчибиз.
Бишкек шаарындагы № 94 орто мектептин 2”В” классынын окуучулары Ж.Бөкөнбаевдин поэзияларынан көркөм чеберчиликте аткарып беришти.
  Ж. Бөкөнбаев «Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга», «Саламы ушу Сайранын», «Жүрөгүм менин Кызыл Туу», «Ата-Журт үчүн майданга», «Дүйшөнкул», «Чептен эрдин күчү бек» сыяктуу ырларды, «Түлкү менен бөдөнө», «Торгой менен жагалмай», «Арстан менен түлкү», Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт» аттуу тамсилдерди жазган, ошондой эле И. А. Крыловдун тамсилдерин которуп андан таасир алган.
  Берметтей тунук поэзия жаратуу менен бирге өтө күчтүү драмалык чыгармаларды, очерк, публицистика, сын макалаларды да жазып калтырды. «Алтын кыз», «Каргаша», «Токтогул», «Айчүрөк» аттуу музыкалык драмалары театр сахнасынан түшпөстөн коюлуп келатат.
  Ж.Бөкөнбаев котормо жаатында да эмгектенип, Некрасовдун, Лермонтовдун чыгармаларын, француз композитору Жорж Бизенин «Кармен» операнын либреттосун которгон.
  Адабиятка эмгек сиңирген эмгеги үчүн «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган. Көзү өткөндөн кийин анын ысымы Бишкек шаарынын борбордук көчөсүнө, шаардык китепканага, Тоң жана Токтогул райондорунун борборлоруна, мектептерге ыйгарылган.
  Иш чара катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, өз максатына жетти.
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian