Главная страница arrow Мероприятия arrow Кыргыз тили кылымдарды карыткан  
16.08.2018
Мы в соцсетях
FacebookInstaGramFlickr
Кыргыз тили кылымдарды карыткан
20.09.2017
    2017-жылдын  22-сентябрында  саат 13:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө “Кыргыз тили кылымдарды карыткан” аттуу китеп көргөзмөсү жана поэзия кечеси өткөрүлөт.
     Мамлекеттик тил – бул мамлекеттүүлүктүн ыйык символу, улуттук касиети гана эмес, кыргыз тилин өркүндөтүү мекендештерибизди патриотизмге тарбиялоонун бирден-бир шарты экенине өзгөчө маани беришибиз керек. 1989 - жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинде кыргыз тилин мамлекеттик тил деп жарыялаган атайын мыйзам кабыл алынган. 
     Ата – бабаларыбыз байыртадан эле тилди да, динди да урматтап, ардактап келген. Эне тил деген – бул ыйык, баа жеткис байлык болгондуктан аны баалабасак, барктабасак, өстүрбөсөк, анда тил өлөт, өчөт. Кыргызстанда жашаган кыргыз атуулу – өз эне тилин билүүгө, эне тилде жазууга жана так, таза, туура  сүйлөөгө милдетүү.
     Эне тилибизди ата – бабаларыбыз көөнөрбөс мурас катары калтырган.
   Тил – бул өлкөдө болуп жаткан  окуялардын маңызын камтуучу жана чагылдырычуу күзгү. “Кыргыз тил барда, кыргыз бар” дегендей, ата-бабалардан бери карай бөксөрбөй сакталып келген эне тилибиздин  келечек тагдыры элибиздин келечек тагдыры менен жипсиз байланган. Тилди сактоо-элди сактоого, тилди өнүктүрүү – элди өнүктүрүүгө тете.
Кыргыз тилчилери - кыргыздын  жазма маданиятын баштоочулар жана түптөчүүлөр анткени алар алиппеден баштап кыргыз тилинин алфавитин , орфографиясын,  окуу куралдарын , улуттук энциклопедиясын түзүшүп кыргыз тилинин эл үчүн  жаңы багытта кызмат кылышына тынымсыз кам көрүп турушкан жана көрүп жатышат.  
   Көргөзмөгө кыргыз тил илимин негиздечүүлөрүнөн баштап азыркы тилчилердин эмгектери коюлду: М.Кашгари, Э.Арабаев, К.Тыныстанов, Б.Юнусалиев, К.К. Юдахин,  И.А.Батманов, З.Бектенов, К.Карасаев, Т.Байжиев, О.Орузбаева , Ч. Айтматов, Т. Акматов, Т.Ашырбаев Ш.Жапаров, Ж.Муканбаев, К. Дыйканов, А.Жапаров, К.Сартбаев, ж.б.
     Кечеге  КРнын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан өкүлдөр, университеттердин мугалимдери, студенттери,  “Кыздар ай” адабий ийриминин акындары жана “Жаны толкун” жаш акындар клубу катышат. 

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч. 208.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.
Тел.: 30-47-04
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian