Главная страница arrow Мероприятия arrow Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгы  
20.02.2018
Мы в соцсетях
FacebookInstaGramFlickr
Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгы
29.09.2017
  2017-жылдын 28-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз Республикасынын  Баатыры, академик Мамбет Мамакеевдин  90 жылдыгына арналган “Улутубуздун улукманы” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана жолугушуу кечеси өткөрүлдү.
   Көргөзмөгө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илим жана билим кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президентинин милдетин аткаруучу М.С. Жуматаев,  педагогика илимдеринин доктору, професссор Ж.Каниметов, коомдук ишмер Т.Ишемкулов, КР Билим берүү жана илим министринин илим боюнча Департаментинин башчысы Д.Т.Чонтоев, А. Бекбоев,  О.М. Карабалаев, Ж.С. Абдуллаев,  профессор Э.У. Алыбаев, жердештери, ЖОЖдордун студенттери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
   Бишкек шаарындагы № 69-мектебинин комузчулар ансамбли фойеде кыргыз күүлөрү менен катышуучуларды тосуп алды.
Китеп-сүрөт көргөзмөсүн Улуттук китепкана директору Ж.Бакашова кириш сөз менен ачты. Ал төмөнкүлөргө токтолду. 
    Элибиздин атактуу, улуу инсаны, Кыргыз Улуттук медицинасынын корифейи, даңазалуу хирург, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, профессор Мамбет Мамакеев агай, Сиздин 90 жаш кутман курагыңыз менен Улуттук китепкананын жамаатынын жана миңдеген окурмандарынын атынан куттуктоого уруксат этиңиз.
     Ушуга байланыштуу ысымы узун элдин учуна таанымал, айкөл жүрөк, алтын колдуу дарыгер агабыздын кутман курагын «Улутубуздун Улукманы» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүн зор салтанатта чоң сыймык менен ачып отурабыз.
Мамбет ага Сиздей бийик адамдын дарегине атайын юбилейлик куттуктоо сөз айтуу бир чети кыйын болсо, бир чети абдан чоң сыймык.
    Академик-дарыгер Мамбет ага качан болсо эл кадырынын ээси, өлкөбүздүн хирургиясынын патриархы. «Элге кызмат кылуу» деген девиз менен өмүр бою бекем тутуп келе жаткан талыкпас дарыгер, дасыккан жетекчи.
Адамдын өмүрүн сактап калуу жагында Мамбет Мамакеевичтин 60 жылдан ашык убакыттан бери белсене өтөп келе жаткан илимий жана практикалык ишмердигинин салмагын өлчөп коюуга да мүмкүн эмес.
    Мамбет агайдын изине, элине сиңирген кылымдар көөнөрбөс эмгегине кыскача сереп салсак, анын феномени өзгөчө кароого татыйт деп баса белгиледи.
    Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президентинин милдетин аткаруучу М.С. Жуматаев,  педагогика илимдеринин доктору, професссор Ж.Каниметов, коомдук ишмер Т.Ишемкуловдор Мамбет Мамакеевдин бийик медициналык билимге ээ, ой-чабыты кенен, улуу хирург, өз эли үчүн  өмүрүн, билими менен тажрыйбасын сарптаган кеменгер, журт атасы катары, кыргыздын хирургия илиминин башатында туруп келе жатат деп айтып өтүштү.
   Ал эми Э.У. Алыбаев М. Мамакеев жөнүндө мындай деди.  Мамбет Мамакеевич саламаттыкты сактоонун мыкты уюштуруучусу, көптөгөн таанымал шакирттеринин урматтаган устаты, хирургиядагы Мамакеев мектебинин негиздөөчүсү жана анын туруктуу жетекчиси.
   «Мамакеевдин хирургиялык мектеби» илимий-практикалык мектеп чоң тарыхый жолду басып өттү.
   Окумуштуунун жетекчилиги менен медицина илиминин 12 доктору, 27 кандидаты даярдалган, 200 дөн ашык илимий эмгектин, 9 монографиянын автору.  Мамбет Мамакеев медицина тармагында ат көтөргүс иштерди аткаргандыгын, элине дагы да болсо кызмат кылып жаткандыгын айтып  өтүштү.
   №2-музыкалык мектептин мугалими А.Тургунбаев “Кара өзгөй “ күүсүн аткарып берди. Ал эми КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, опера ырчысы З. Мавлянова “Көл боюнда”, “Энекем” аттуу ырларды аткарып берди. КУУнун студенттери Г.Көкүмбай кызы, Э.Маматали уулу, Г.Касымалы кызы М.Мамакеевге арналган ырлардан көркөм окуп беришти. 
   Урматтуу Мамбет агай куттуу курагыңыз кут болсун, эли-журтуңуз менен аман-эсен болуп кайратыңыздан жазбай, жашоонун чыныгы үлгүсү бойдон кала бериңиз, бар болуңуз.
  «Улутубуздун улукманы» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөдө М.Мамакеевдин китептери, көптөгөн ар түрдүү макалалар, публицистикалар орун алган.
   Иш чара   катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып, жакшы маанайда өттү.
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian