Главная страница arrow Мероприятия arrow “Октябрь бактыбыздын башаты”  
27.05.2018
Мы в соцсетях
FacebookInstaGramFlickr
“Октябрь бактыбыздын башаты”
04.11.2017

А. Осмонов атындагы КР УКнын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2017- жылдын 8- ноябрында Улуу Октябрь Революциясынын жеңишинин 100 жылдыгына карата “Октябрь бактыбыздын башаты” китеп –сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.

Улуу Октябрь социалисттик революциясы– В. И. Ленин баштаган Коммунисттик партиянын жетекчилиги астында Россиянын жумушчу табы кедей-дыйкандар менен бирдикте 1917-жылы иш жүзүнө ашырган биринчи тарыхий жеңиштүү революция.

Ал 25-октябрда, жаңы стил боюнча 7-ноябрда башталгандыктан “Октябрь революциясы” деп аталып калган. Октябрь революциясынын натыйжасында Россияда буржуазия менен помещиктердин бийлиги кулатылып, пролетариат диктатурасы орноп, социалисттик мамлекет түзүлгөн.

Куралдуу көтөрүлүш, айыгышкан салгылаштардан кийин алгач Москвада, анан Петроградда орноп, совет бийлигинин салтанаттуу жүрүшүнүн башталышы болгон. Өлкөнүн көп райондорунда Совет бийлиги тынчтык жолу менен тез орногону менен айрым жерлерде салгылашуу катуу болгон.

Борбордук Россияда Совет бийлигинин орношу бүткүл өлкөдө социалисттик революциянын жеңиши үчүн база катары роль ойногон.

Совет бийлиги 1917-жылдын октябрынан 1918-жылдын апрелине чейин Балтика боюнда, Беларуссияда, Украинада, Молдавияда, Кавказда, Орто Азия жана Казакстанда, Сибирь менен Ыраакы Чыгышта орногон.

Орто Азияда Совет бийлигине каршы буржуазиялык улутчулдар, диний төбөлдөр, жергиликтүү байлар баш көтөргөн. Социалисттик революциянын борбору Ташкент шаары болуп, 1917-жылдын 28-октябрында куралдуу көтөрүлүш башталып, 1 (14)- ноябрда бийлик Советтердин колуна өткөн.

Ал эми Кыргызстанда 1917-жылдын күз айларында Убактылуу өкмөткө каршы эл массасынын нааразычылыгы күчөп, 1918-жылы 1-январда Пишпекте (Фрунзе) шаарында Совет бийлиги орнойт. Ошол жылдын ортосунда Кыргызстандын бүткүл аймагында Совет бийлиги жеңип чыккан.

Жеңиштин натыйжасында жумушчу табы эзилген жана эксплуатацияланган таптан үстөмдүк кылуучу тапка айланып, жумушчу табы менен кедей-дыйкандардын союзун түзгөн жаңы мамлекет түзүлдү. Жер бүткүл элдин менчигине айланып, маданият жагында түп тамырынан өзгөрүүлөр башталган. Бардык маданий жана агартуу мекемелери эл мүдөөсүнө кызмат кылып,туташ сабатсыздыкты жоюу үчүн чаралар көрүлүп, маданий революция башталган.

Ошентип, Октябрь революциясынын жеңиши жер шарындагы бүткүл дүйнөлүк тарыхый-социалдык кайра куруулар менен элдердин тынчтык демократия үчүн күрөшүнө зор түрткү, дем берген.

Дареги: А. Осмонов атындагы КР УК

2 -этаж № 57 кабинет. Тел: 30 – 46 – 79.

Последнее обновление ( 04.11.2017 )
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian