Главная страница arrow Мероприятия arrow “Ойчул акын, залкар драматург”  
16.08.2018
Мы в соцсетях
FacebookInstaGramFlickr
“Ойчул акын, залкар драматург”
13.11.2017
  2017-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын чоң конференциялык залында Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Гимнинин автору, коомдук ишмер, залкар драматург Жалил Садыковдун 85 жылдыгына арналган “Ойчул акын, залкар драматург” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси болду.
   Китеп-сүрөт көргөзмөнү КРнын Улуттук китепканасынын директору, профессор Ж.К.Бакашова кириш сөз менен ачты. Автордун урматына, арбагына таазим этип, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин ырдоосунун коштоосунда, бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин сөз КРнын Баатыры, кыргыз эл жазуучусу Б.Жакиевге берилди. Ал Ж Садыковдун ойго терең, мазмунга бай калеминен жаралган чыгармалары кыргыз адабиятына жана драматургиясына кошкон чоң салымы ат көтөргүс. Кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алгандан жыйырма алты жылдан бери күн сайын гимн менен таңды атырып, күндү батырып, эл оозунан түшпөй  ырдалып  келе жаткан ырдын авторунун 85 жылдык мааракесиндеги китеп-сүрөт көргөзмөсүндө отурабыз. Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун 85 жылдыгына арналган иш-чара Улуттук китепканада кызуу белгиленип жатат. Залкар акындын драматургияга кошкон салымы, өзгөчө “Айкөл Манас” үчилтик драмасы Кыргыз Улуттук академиялык драмтеатрында коюлуп көптөгөн ийгиликтерди жаратты. Чыгармачылыгы бааланып 1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик  сыйлыкка татыктуу болгон. Ушундай тарыхый драмаларды жазган драматургубуз  Жалил Садыков, улуу манасчылар Сагымбай, Саякбайлардын сабындагы манасчы деп айтыла турган мезгил келди – деди. Кыргыз эл акындары  А. Рыскулов, Т. Мамеевдер акынды эскеришип, арноо ырларын окуду.  Ж.Садыковдун көп кырдуу талант экенин, драматургия менен поэзия, котормону, бирдей чебер айкалыштырып алып кеткенин айтышты. Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов чыгармачылыкта гана эмес турмушта үй-бүлөлүк мамиледе болуп, чыныгы дос, мыкты устат, кыргыз поэзиясынын классиги, көркөм сөздүн дарканы  Жалил Садыков менен өмүрүнүн аягына чейин чогуу жүрүп, туугандай болуп калганын жетиналбай сүйлөдү.
    Кеңешчиси, жардамчысы, өмүрлүк жубайы Сабира апа элүү үч жыл бирге өмүр сүрүп, мыкты жар, камкор ата катары жакшы мамиледе жашадык. Ал кандай кыйынчылык болбосун тике карап, ак иштеп, ак сүйлөп, калыстыгынан жазбай, бирдей болуп, барга көппөй, жокко чөкпөй адамдык сапатынан ажырабай өмүр бою таза жашады. Ийгиликтерине пешене тер, эмгеги менен жетип, агарып, көгөрдү. Биз үй-бүлөбүз, балдарыбыз  менен ынтымактуу жашадык. Ооруп жатканда да колунан калемин түшүрбөй, түнкү уйкусуна карабай чыгармачылыгынан кол үзбөгөнүн айтып, жаштарды эмгекчил болууга үндөдү.
    “Ойчул акын, залкар драматург” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөгө мамлекеттик жана коомдук уюмдар, илим жана билим, маданияттын өкүлдөрү, акын-жазуучулар, студенттер, китепкананын кызматкерлери катышышты. ММКнын өкүлдөрү, интервью алышып, көргөзмөнү сүрөткө тартышты. Китеп-сүрөт көргөзмө өз максатына жетти.
 
< Пред.   След. >
EnglishKyrgyzRussian