Башкы бет arrow Мероприятия arrow Айтматов ааламы  
26.05.2018
Мы в соцсетях
FacebookInstaGramFlickr
Айтматов ааламы
12.12.2017
FRONTPAGE_NO_TRANSLATION_AVAILABLE

     2017-жылдын 13-декабрында саат 11-00дө А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын конференц залында ХХ кылымдын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө, Кыргыз Республикасынын Улуттук адабият күнүнө жана Алыкул Осмоновду эскерүү күнүнө карата “Айтматов ааламы” аттуу китеп-сүрөт көргөзмө жана поэзия кечеси уюштурулат.
    Кече эки бөлүмдөн турат, биринчи бөлүгү залкар жазуучубуз Айтматовдун чыгармачылыгына арналат. Акын Бердибек Жамгырчиев “Тоо кулаганда” деген жаңы чыгармасын окуп берет жана “Жаш толкун” адабий клубунун балдары, КУУнун филология факультетинин студенттери жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окушат. Ал эми экинчи бөлүмү кыргыз элине таанымал поэзиянын чолпону, классик акын-драматург жана котормочу Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналат. “Алыкул Осмонов” атындагы лауреат Ажыбеков Шаршенбай обондуу ырларынан аткарат, актер Чыңгыз Мамаев “Замана” аттуу ырын көркөм окуп берет жана акындын ырлары чет тилдерде көркөм окулат.
     Иш чарага коомдук, илимий жана  маданий ишмерлер, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана окурмандар   катышышат.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч. 208.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.
Тел.: 30-47-04
 
< Мурдагы   Кийинки >
EnglishKyrgyzRussian