Башкы бет arrow Пайдалуу макалалар arrow Саякбай Каралаев  
24.03.2017
Саякбай Каралаев
26.01.2011
21 декабря 1894 года родился великий сказитель эпоса "Манас" Саякбай Каралаев

 

 

XX кылымдын Гомери аталган улуу манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылы Ысык-Көлдүн Тоң районунун Ак-Өлөң айылында төрөлгөн. Болочок манасчынын атасы кедей болгондуктан, жетишпегендиктин айынан Жети-Өгүз тарапка көчүп барышат. Анын балалык чагы ушул жерде өтөт. Ата-энесинин мойнуна минген кедейчилик бул жерде деле түшө койбойт. Атасы Жыкы деген сүткор соодагердин атынын күчүн минип жүрүп өлтүрүп алат да, төрт асый төлөмөр болот. Анын үчөөнү айылдаш туугандарынын жардамы менен кутулуп, бир асыйдын кунун төлөш үчүн иниси Төлөбай менен 12 жашар баласы Саякбайы жалчылыкка берет. Акыры алар өз жерине - Семиз-Белге көчүп келишет.

Замандаш айылдаштарынын эскерүүлөрүндө С.Каралаевдин “Манаска” дит коюп, айтууга аракет кыла баштоосу ушул жылдарга туура келет. Үй-бүлөсү Семиз-Белге көчүп келгенден кийин жалчылыкка кой кайтарып жүрүп “Манас” айтууну дегдеп, Чоң-Сары-Ойго эжелерине качып барат. Анан Семиз-Белге келип, эл астында айтууга далалаттанып, бирок эркин айта албай, психологиялык түйшөлүү абалында болот.

С.Каралаевдин талантынын эртелеп ойгонушуна чоң энеси Дакиш түрткү болгон. Ал Суранчы сыяктуу чоң манасылардан уккан эсте калган ыр саптарын, ошондой эле кара сөз түрүндө баяндалган сюжетин кулагына куя берген.

Гомердин заманынан бери карай төгөрөктүн төрт бурчундагы элдик таланттар акындык, музыканттык шыктарынын ойгонушун даарып кетүү менен түшүндүрүшкөн. С.Каралаев да манасчылык талантынын ачылышын түш көрүү менен байланыштырган. Ал өзү жашаган Семиз-Белден Орто-Токойго келе жатып, мурдагы чоң кара таштын ордуна ак боз үй тигилип тургандыгын көрүп таң калып, асмандан угулган кандайдыр укмуштуу добуштан эси ооп жатып калат. Ошондо үйгө кирип, Каныкейдин колунан даам татып чыкканда:

Кылымдын баары козголуп,

Кырк элүү түмөн кой болуп,

Түнөрүп жаткан Бээжинге

Түз кирип найза сунганы - кетип баратканда, кезиккениң жакшы болду. Караңгыда көз тапкан Бакай деген менмин, Манас баатыр сага берген “өт” деген күлазыгын берейин, оозуңду ач, - дейт. Андан кийин Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргактарды бир-бирден сыпаттап айтып, тааныштырып чыгат.

С.Каралаев 1918-1921-жылдарга чейин ыктыярдуу кызыл гвардиячылардын катарында актардын атамандары Анненков, Даутовго, Бухаранын эмирине каршы күрөшүп, Алматы, Бухара, Ашхабад ж.б. жерлерде болуп, душмандарды сүрүп чыгышкан.

1921-1931-жылдары элине кайтып келип, Маман, Ырдык айылдык Советтеринин төрагалык милдетин аткарат. Ушул жылдардан баштап, анын манасчылык өнөрү өнүгүүгө бет алып, эл алдында “Манас” айтып жүрүп, көл аймагындагы белгилүү манасчы Чоюке Өмүр уулу менен таанышуусу анын чыгармачылыгына зор таасирин тийгизип, нагыз маначылык деңгээлге көтөрөт. Андан кийин манасчы Акылбекке жолугуп, андан да таалим-тарбия алган.

С.Каралаев “Манасты” эл алдында толук түрүндө 1925-жылдан тартып айта баштаган.

1935-1954-жылдары филармонияда артист болуп иштеп, негизги репертуарын “Манас” айтуу түзгөн.

1932-1937-жылдагы анын айтуусунда көбүнчөсү Ы.Абдрахманов жана К.Жумабаев, Ж.Рисов, К.Кыдыровалардын катышуусу менен “Манастын” үчилтигинин биринчи бөлүмү кагаз бетине түшүрүлгөн. Бул жазылып алынган “Манас” бөлүгүнүн тексти 83830 ыр сапты түзгөн. Мындан башка “Семетей”,  “Сейтек” бөлүмдөрү, алардын уландысы катары Кенендин, анын уулдары Алымсарык, Кулансарыктын окуялары да толук жазылып алынган.

“Манас” дүйнөдөгү белгилүү эпостор Гомердин “Иллиадасы” менен “Одиссеясынан” 20 эсе, “Шах-Намесинен” 5 эсе, “Махабхараттан” 2 жарым эсе чоңдук кылып, эң көлөмдүүсү болуп эсептелет.

Манасчынын айтуусунда “Манас” эпосу бир нече жолу магнитофонго жазылып, 1966-жылы “Саякбай” деген даректүү эксперимент-кино “Кыргызфильм” киностудиясында тартылган.

Ал “Манас” эпосунан башка да “Азапты көп көргөн Кубат” (1958), “Бакытай балбан” (1961), “Делдене баатыр” (1957), “Канаттуу куштар” (1959), “Кара молдо” (1962), “Томор мерген” (1965), “Унутулгус күндөр” (1967), “Эстен кетпейт” (1957), “Бүркүттөр” (1952) деген чыгармаларды жараткан. Анын айтуусундагы “Төштүк” эпосунун варианты Парижде француз тилинде жарык көргөн.

С.Каралаев кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн үч жолу “Эмгек Кызыл Туу” жана “Ардак белгиси” ордендери, Ата Мекендик согуштагы каармандыгы үчүн медалы менен сыйланган. 1939-жылы “Кыргыз СССРинин эл артисти” деген наам берилген.

Өзүнүн тубаса талантын өз элине кызмат кылууга арнаган манасчы 1971-жылы дүйнөдөн кайткан.

 

КАРАЛАЕВ С. Каныкейдин тайторуну чапканы. - 2-бас. - Ф.: Мектеп, 1986. - 76 б.; МАНАС: Эпос / С.Каралаевдин варианты боюнча. - Ф.: Кыргызстан, 1986. - 261 б.; ТУЛПАРЛАР: -3-бас. - Ф.: Мектеп, 1982. - 59 б.

АЛП манасчы: С.Каралаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий конференциянын тезистери.  13-14-окт. 1994-жыл. Бишкек ш. / “Манас - 1000” мамл. дирекциясы. - Б.: Кыргызстан, 1995. - 178 б.;  АЛП манасчы. Тезистер жыйнагы: / С.Каралаевдин 110 жылдыгына арналган конф. материалдарынан / // Б.: Кыргызстан, 1995. - 80 б.; АЛП манасчынын албан элеси: Эскерүүлөр: / С.Каралаев жөнүндө / / Түз.: О.Исмалов, А.Акматалиев. - Б.: Кыргызстан, 1994. - 160 б.

ОСМОНКУЛОВ Ж. XX кылымдын Гомери // Эркин Тоо. - 2002. - 9-авг. - №61. - Б. 6; САЯКБАЙ Каралаев жана Жусуп Мамай // Кырбашев К. “Манас” илим дүйнөсүндө (Илимий-популярдуу баян). - Б., 2001. - Б. 81-94; ТЕНТИМИШЕВ М. Менталитеттин Ала-Тоодой куту // Кыргыз Туусу. - 2000. - 22-25-сент. - Б. 7; ТЕНТИМИШЕВ М. Саякбай: Кылымдын классиктери // Кыргыз Туусу. - 2000. - 17-20-нояб. - №87. - Б. 11; САЯКБАЙ Карала уулу // Манас Энциклопедиясы. - Б., 1995. - Т. 1. - Б. 2, 184-191; АЙТМАТОВ Ч. Ал океандай “Манастан” миллион сап билген // Мурас. - 1995. - №1. - Б. 1-3.

Акыркы жаңыртуу ( 17.03.2011 )
 
< Мурдагы   Кийинки >