Башкы бет arrow Пайдалуу макалалар arrow МОЛДО КЫЛЫЧ  
24.03.2017
МОЛДО КЫЛЫЧ
04.02.2011

25 января 1866 года родился выдающийся акын-письменник Молдо Кылыч.

 

 


 

 

Кыргыз элинин маданий өнүгүшүндө кол жазма адабиятты баштагандардын жана негиз салгандардын бири Шамыркан уулу Молдо Кылыч 1866-жылы Кочкор районунун Бугучу айылында туулган. Теги боюнча белгилүү манап Төрөгелдинин тукумунан. Молдо Кылыч атайын мектептен билим алган эмес. Айылдагы молдолордон анча-мынча сабак алып, таалим көргөн. Кийин өз алдынча билимин өркүндөтүп, өзүнүн аракетинин натыйжасында көп нерселерге жетишкен.

1910-жылы акын балдарды окуткан. Чыгыш поэзиясынын атактуу өкүлдөрү Навои, Суфи-Аллаяр, Хожа-Хафиз, Безил, Рабгузи, Ахмет-Ясауйлердин чыгармаларын окуган, ошондой эле Орто Азиядагы түрк тилине которулган “Миң бир түн”, “Тоту-нама”, “Шах-нама” сыяктуу араб, фарси адабиятынын үлгүлөрү жана Казан шаарынан чыгып турган “Юлдуз” гезити менен да тааныш болгон.

Акындын нукура кол жазмасы сакталып калган эмес, мунун негизги эки себеби бар. Биринчиси, кандай гана кол жазма болбосун аларды улуттук дүйнө-мүлк, байлык катары атайын сактоо кыргыз элинде маданият деңгээлинде өнүккөн эмес. Экинчиси, Совет бийлигинин мезгилинде анын чыгармачылыгы аябай саясий кысымга алынган шарттарда эл арасында сакталып калгандары өрттөлүп жок болуп кеткен. Ошондуктан Молдо Кылычтын кайсы чыгармасы качан жазылганы белгисиз.

Акындын чыгармаларына терең маани берип калың элдин катмарына жеткирүүгө демилге көтөрүп жан-дили менен киришкен окумуштуу И. Арабаев 1911-жылы Молдо Кылычтын “Кысаи зилзала” аттуу казалын Казандан бастырып, ага баш сөзүн жазган. Бул автору белгилүү биринчи кыргыз тилинде басылып чыккан көркөм чыгарма болгондуктан, ошол мезгилден баштап кыргыз жазма адабиятын баштаган Молдо Кылыч деп айтууга толук негиз бар.

Акындын “Канаттуулар” деген казалы Б. Солтоноев түзгөн “Тамсилдер” деген жыйнакка кирип, ал 1925-жылы Москвадан басылып чыккан. Кийин 1946-жылы Т. Саманчин басмага даярдап, иргелген казалдарын жарыялаган.

Бул китепте анын “Чүй баяны”, “Канаттуулар”, “Бүркүттүн тою”, “Буудайык”, “Зарзаман” аттуу чыгармалары кирген.

Ал бир нече казал, ыр, пародия-какшыктарды жазган. “Уй казал”, “Кой казал”, “Кара кочкор”, “Эркинтоо”, “Байтайлак”, “Жинди суу”, “Кызжигит”, “Садырбай” деген казалдары көркөмдүк мааниси жагынан ири казалдарынан кем калбайт.

1956-жылы М. Кылычтын адабий мурастары тууралуу илимий конференцияда казактын илимпозу, жазуучу М. Ауэзов “Канаттуулар” казалына атайып токтолуп “Мындай чыгарма менен кандай гана улут болбосун сыймыктана алат” деп айткан. “Бүркүттүн тою” аттуу чыгармасы жарым пародиялык поэма деп аныкталган.

Акындын татаал тагдыры кыргыз элинин эркиндиги өз колуна тийгенде, көз карандысыз мамлекет катары таанылгандан кийин, жаңы доордун башталышында анын мурастарына кайрылып чыгармаларын басмадан басып чыгаруу иши кайрадан колго алынды. Ушундай аракетинин натыйжасында 1990-жылы чыккан “Мурас” деген жыйнакка Молдо Кылычтын бир канча чыгармалары киргизилген.

Кыргыз Илимдер Академиясы, Тил жана адабият институтунун түздөн-түз демилгеси боюнча М. Кылычтын азырынча толугураак деп эсептелген жыйнагы даярдалып “Казалдар” деген ат менен 1991-жылы жарык көрдү.

“Керме Тоо”, “Жинди суу” казалдарында айрыкча жаратылыш көрүнүштөрүнө басым койсо “Чүй баянында” Чүй жергесиндеги коомдук турмуштагы өзгөрүштөрдү айтат. “Бүркүттүн тою” поэмасында бай-манаптардын берген аш-тойлоруна кеткен чыгымдардын букара элге келтирген зыяндарын тамсил түрүндө аллегориялык жанрда берген. Элдик сюжеттин негизинде жазылган “Буудайык” поэмасы адам менен жаратылыштын ортосундагы татаал мамилени баяндайт. Ал эми “Зар заман” казалы санат түрүндө жазылган. Эл бийлеген жакшыларды адилеттүү боорукер болууга элге каралашууга чакырган. Элге тиричилик санаттарды айтат: өз мээнетиңер менен күн көргүлө, бири-бириң күйүмдүү, кайрымдуу болгула деп үндөгөн. “Зар заман” поэмасы көп катмарлуу, көп темалуу чыгарма. Акындын чыгармалары кыргыз элинин адабий казынасынын кенчтеринин катарында орун алат.

Ал 1917-жылы дүйнөдөн кайткан.

 

МОЛДО Кылыч. Буудайыктын тою: Поэма-жомок. Кенже балдар үчүн. – Б.: Адабият, 1993. – 32 б.; МОЛДО Кылыч. Казалдар / Жыйнакты түзгөн жана түшүндүрмөлөрүн жазган О. Сооронов. – Ф.: Адабият, 1991. – 256 б.; ИСКЕНДЕРОВ Ш. Молдо Кылычтын чыгармачылыгынын изилдениши: Кече жана бүгүн. – Б., 1006. – 123 б.; ОСМОНБЕТОВ К. Молдо Кылыч менен Жеңижоктун казалдарынын сыры. – Б., 2004. – 79 б.; СООРОНОВ О. Молдо Кылычты колдогондор да, “кордогондор” да оо дүйнөгө кетишти. Эми эл чындыкты билиш керек // Кыргыз Туусу. – 2008. – авг. - №59. – Б. 10; 12-14-авг. - №60. – Б. 10; 15-18-авг. - №61. – Б. 10; 19-21-авг. - №62. – Б. 10.

Акыркы жаңыртуу ( 17.03.2011 )
 
< Мурдагы   Кийинки >