Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Бейшенгул Уметалиева  
28.04.2017
Бейшенгул Уметалиева
26.02.2013
Белгилүү окумуштуу тилчи, педагог, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Журналисттер союзунун мүчөсү, Кыргыз улуттук университетинин профессору Б. Үмөталиева 1922-жылы 4-январда Бишкек шаарында туулган. 1930-жылы борборубуздагы № 5 Кыргыз орто мектебине кирип, аны 1940-жылы “эң жакшы” деген баалар менен бүтүрүп, ошол эле жылы пединституттун тил, адабият бөлүмүнүн 1-курсуна кабыл алынып, окуу жайын 1943-жылы бүткөн.
Ал педагогдук ишин студент мезгилинде (1942) өзү окуган институттан баштап, Эл агартуу министринин орун басары (1950–52), “Мугалимдерге жардам” (Эл агартуу) журналында редактор (1952–55) болуп иштеген.
Б. Үмөталиева өзүнүн илимий деңгээлин жогорулатуу максатында 1955–58-жылдары Москвадагы М. В. Ломоносов атындагы университеттин аспирантурасынан окуп, тил илиминин кандидаттык даражасына ээ болгон. КУУтинин Кыргыз тил кафедрасынын доценти, факультеттин деканы, кафедра башчысы (1958–71), КСЭнин Башкы редакторунун орун басары, 1973-жылдан баштап тил таануу кафедрасынын профессору, тажрыйбалуу педагог, жаштардын насаатчысы катары эмгектенип келген.
Окумуштуу өзүнүн илимий педагогикалык ишмердигинде студенттерге лекция окуу менен гана чектелбестен газета-журнал, теле-радио аркылуу өзүнүн баалуу кеп-кеңештерин өз окурмандарына айтып келген.
Профессор көп жылдар бою “Азыркы кыргыз тилинин морфологиясы” боюнча лекция окуган жана III–IV–V класстар үчүн “Кыргыз тили” китебинин авторлорунун бири болгон. “Азыркы кыргыз тилинин морфологиясы”, “Кыргыз тилиндеги сан атооч” деген илимий монографияларды, көптөгөн фундаменталдуу эмгектерди жазган.
Кыргыз тилин окутуунун сапаттык деңгээлин көтөрүүдө, педагогикалык орто жана жогорку окуу жайлары үчүн окуу китептерин түзүүгө активдүү катышып, методикалык окуу куралдары, атайын түзгөн таблицалары, программалары, 180ден ашык илимий-публицистикалык макалалары жарыяланган.
Анын 1983-жылы жарык көргөн “Абийириңди жашыңдан сакта” аттуу жаштарды моралдык-нравалык жүрүм-турум адебине тарбиялаган нарк-насил, салт, үй-бүлө, нике, сүйүү адебинин тунук сезимдерине сугарылган психо-педагогикалык эң зарыл жоболорду камтыган эмгеги коомчулукта кызуу талкууну жараткан.
Ал тил илимине тиешелүү ар түрдүү маселелер боюнча чоң-чоң илимий конференцияларга катышып, кең мазмундуу баяндамаларды жасап, ондогон диссертациялык илимий иштерди рецен-зиялоого, айрымдарына официалдуу оппонент катары катышып, шакирттеринин өсүп чыгышына өз салымын кошкон.
Илимге сиңирген эмгеги бааланып “Эмгек Кызыл Туу”, “Эл достугу” ордендери, “Даңк” медалы жана бир нече медалдар, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы, “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган. Шаардык жана райондук кеңештин депутаттыгына шайланган.
Ал 2003-жылы 21-майда дүйнөдөн кайткан.

ҮМӨТАЛИЕВА Б., Өмүралиев Б., Осмонкулов А. Кыргыз тили: 5-класс үчүн окуу китеби. – Б.: Кыргызстан, 1998. – 221 б.; ҮМӨТАЛИЕВА Б. “Тил түйшүгүн аркалай бергиле” / Маектешкен Н. Ахмедулин // Эне тил. – 1992. – № 1. – Б. 3;
АБДЫРАЗАКОВ А. Эже // Эркин Тоо. – 1997. – 5-февр. – № 5. – Б. 8.
Последнее обновление ( 26.02.2013 )
 
< Пред.   След. >