Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Арбуду Арли Арсазович  
27.03.2017
Арбуду Арли Арсазович
26.02.2013
Кыргызстандагы советтик дунган адабиятынын белгилүү өкүлү А. А. Арбуду 1917-жылы 20-январда Москва районуна караштуу Александровка айылында туулган. Алгач айылдык мектепти бүтүп, Бишкектеги педтехникумдун дунган бөлүмүнөн, андан соң Алматыдагы дунган педагогикалык окуу жайынан билим алып, Казакстандын Жамбул областынын жана Кыргыз Республикасынын мектептеринде педагогдук кызматтарда иштеген.
1941–45-жылдары Ленинградда согушка катышкан. 1946–49-жылдардын аралыгында ал Алматы-дагы чет тилдер институтунун англис бөлүмүн окуп, аны бүтүргөндөн кийин Ысык-Көл областынын жана Кант районунун мектептеринде эмгектенген.
1955–57-жылдарда “Кыргызмамбаста” дунган адабиятынын редактору, 1957-жылдан баштап эс алууга чыкканга чейин Бишкектеги дунган тилинде чыгуучу “Шыйуэди Чи” газетасында бөлүм башчы болуп кызмат өтөгөн.
Арбудунун адабияттагы ишмердиги, чыгармачылык иши 1955-жылдан башталган. Жазуучунун калеминен граждандык согуштун мезгилинде Кызыл Армиянын мусулман полкунун уюштуруучусу жана командири Масанчин жөнүндө тарыхый роман, “Кыз кыялы”, “Аялдын жүрөгү”, “Боордоштор”, “Ак ниет”, “Ма уруусунан жаш жигит”, “Халима” аттуу повесттери жана дунган мектептери үчүн атайын алиппе, хрестоматиялары, “Таяк көпүрө”, “Бир адамга берилген жүрөк” деген проза жыйнактары жаралган.
Өзүнүн чыгармаларында кыргыз жергесинде жашаган дунган улутунун эмгекчи карапайым элинин бактылуу турмушун чагылдырган.
Ал орус жана кыргыз адабиятынын эң мыкты көрүнүктүү өкүлдөрүнүн чыгармаларын, алсак М. Горькийдин “Макар Чудра”, И. Куприндин “Олеся”, А. Кононовдун “Ленин жөнүндө аңгеме”, Чапаев жөнүндө аңгемелер, Т. Сыдыкбековдун “Ала-Тоодон алтоо”, Ч. Айтматовдун “Жамийла” сыяктуу повесттерин, аңгемелерин дунган тилине которгон.
Согуштагы эрдиктери үчүн “Эрдик үчүн”, “Ленинградды коргогондугу үчүн”, “Ленинграддын 250 жылдыгы” жана башка медалдар, грамоталар менен сыйланган. Александровка кыштагындагы № 2 орто мектепке анын ысымы ыйгарылган.
Ал 1986-жылы дүйнөдөн кайткан.
АББУДУ А. А. Любовь дороже всего: Повесть. – Б.: Адабият, 1991. – 232 с.; АРБУДУ Арли Арзасович // Кыргыз Республикасынын жазуучулары: Маалымдама. – Б., 2008. –
Б. 107–108.
Последнее обновление ( 26.02.2013 )
 
< Пред.   След. >