Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow ВИКТОР АЛЕКСАНДРОВИЧ ШВЕМБЕРГЕР  
27.03.2017
ВИКТОР АЛЕКСАНДРОВИЧ ШВЕМБЕРГЕР
26.02.2013
Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери, режиссер-драматург В. А. Швембергер 1892-жылы 23-январда Ставраполь шаарында аскер-дарыгердин үй-бүлөсүндө туулган. Анын талантынын өсүп-өнүгүшүнө ошол мезгилде жер кыдырып элге оюн көрсөтүшкөн куурчак ойноткон артисттердин жана жандуу кишидей кыймыл аракеттерди көрсөткөн куурчактардын оюнунун кадимкидей театралдуулугу суктандырып зор таасирин тийгизген.
Ал 1919-жылы Вахтангов жетекчилик кылган Гунс студиясынан окуп, бүткөндөн кийин классикалык комедия театрында, ошол театр союздагы эң биринчи жолу уюшулган профессионалдуу куурчак театрларынын бири болуп калды.
Швембергер 1930–33-жылдары “Балдар китеби театрын”, кийин 1-Москва областтык куурчак театрын уюштуруп, ага 7 жыл бою жетекчилик кылат.
1945-жылы Кыргызстандын борбору Бишкекке келип, республикалык куурчак театрынын көркөм жетекчиси болуп кыргыздын улуттук группасын түзгөн. Анын жетекчилиги астында театр ири чыгармачыл коллективге айланып, театр көрүүчүлөрүнүн купулуна толгон. Куурчак театры үчүн пьеса жазууга ал жергиликтүү жазуучулар К. Эшмамбетовду, А. Көбөгөновду, А. Алдашевдерди кошо тартып, биргелешип иштешкен. Театрда иштеген жылдары драматург-режиссер тарабынан 40тан ашык пьеса, куурчак театры үчүн 4 методикалык китеп жана театр тууралуу бир нече макалаларды жазган.
Кыргыз темасына арналган алгачкы койгон спектакли К. Эшмамбетов менен биргелешип койгон “Таластык мерген” жана “Көк туйгун”, “Партизан багындагы жомок”, “Гүлбараны ала качуу”, “Куу түлкү”, “Ак кандек”, “Ой мен кандай азаматмын” аттуу пьесалардын автору.
Бир нече жыл драматургия жанрында жемиштүү иштеген. Калемгердин калеминен куурчак театры үчүн жазылган бир нече пьесалары КМШ мамлекеттеринин жана республикалык куурчак театрынын сахнасында өз ордун жоготпостон коюлуп келе жатат.
Жеке эле пьеса жазуу менен чектелбестен котормо жанрында да жигердүү эмгектенип К. Каимовдун, К. Эшмамбетовдун чыгармаларын жана элдик жомокторду орус тилине которгон.
Швембергердин иштеген иши коомчулук тарабынан жогору бааланып “Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери” (1948) деген ардактуу наам ыйгарылып, “Ардак белгиси” ордени, Ардак грамота, медалдар менен сыйланган.
Ал 1970-жылы дүйнөдөн кайткан.

ШВЕМБЕРГЕР Виктор Александрович // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Т. 6. – Ф., 1980. – Б. 453–454; ВИКТОР Александрович Швембергер // Ала-Тоо. – 1962. – № 2. –
Б. 103–105.
Последнее обновление ( 26.02.2013 )
 
< Пред.   След. >