Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Асан Мурзабаев  
27.03.2017
Асан Мурзабаев
27.02.2013
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композиторлор Союзунун мүчөсү, белгилүү композитор А. Мурзабаев 1942-жылы 1-февралда Кочкор районундагы Кара-Күңгөй айылында туулган. Кичинекей кезинен эле табиятынан музыкага жакын болгондуктан жетимдер үйүндө жүргөндө комузда кол ойнотуп чертип, жез аспаптарда ойноп, бара-бара үйлөмө аспаптар тобун да жетектеген.
1959-жылы Токмоктогу Республикалык маданий-агартуу окуу жайынан окуган.
1961-жылы Бишкектеги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынан окуп, № 2 балдар музыкалык мектебинде мугалим болуп иштеп эмгек жолун баштаган.
А. Мурзабаев билимин жогорулатуу максатында 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырган. Институттан окуп жана ошол окуу жайында теориядан, полифониялык гармониядан, сольфеджиодон 5 жыл бою сабак берген.
1972-жылы институтту бүтүп, дипломдук ишине “Жаштык” аттуу симфониясын жазат. Окуусун бүтөрү менен институттун композиция кафедрасына мугалим болуп иштеп калат. 1981-жылы улук окутуучу, эсептөө комиссиясынын башкармасы, 1982-84-жылдары Кыргыз Республикасынын композиторлор Союзунун жаштар секциясынын башчысы, Кыргыз улуттук консерваториясынын теория жана композиция кафедрасында доцент болуп иштеген, ар түрдүү программалар менен автордук концерттерин берген.
Композитор 1991-жылы Кыргыз улуттук филармониясында, 2005-жылы Кыргыз улуттук консерваторияда, 2007-жылдан бери П. Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинде үзүрлүү иштеп жатат.
Анын акын Ж. Абдыкалыковдун сөзүнө жазылган “Беш улак” аттуу балдар үчүн жазылган операсын 1997, 1998, 1999-жылдары М. Абдраев атындагы республикалык музыкалык интернаттын окуучулары тарабынан аткарылган жана ошол опера 1997-жылы телерадиокорпорациясынын кыргыз студиясынын фондусуна жазылган.
Композитор “Жыл мезгилдери”, “Жайлоо жалбырактары” аттуу вокалдык жана фортепианино циклин, “Жаштык”, “Толубай” деген симфония жана симфониялык поэмасын, Т. Молдонун сөзүнө жазылган “Жер жана анын балдары” аттуу симфониялык фантазиясын жаратты.
Ошондой эле анын фортепианино жана оркестр үчүн жазылган чыгармалары, “Биздин кылым” деген вокалдык-симфониялык поэмасы чыгармачылыгынын улам өсүп-өнүгүп жаткандыгын айгинелейт.
А. Мурзабаев “Гүлдөр-гүлдөр”, “Топторум”, “Балдарбыз”, “Жерибиз”, “Уч кептерим” ж.б. көптөгөн ырларды, 16 пьесаны, романстарды жаратып, 20дан ашык обондуу үн менен күүнү фортепианино үчүн иштеп чыкты. “Токтогул менен Калык”, “Барсбек” аттуу операны элине тартуулады.
Композитордун бир өзгөчөлүгү фольклордук-музыканы өзүнө жандуу булак катары пайдалана билүүсү. Башкаларды тууроо жолунан алыс, ал новатордук чыгармачылык жол менен кайталангыс жаңы табылгалардын негизинде өз ыгы, өз стили менен чыгарма жарата билгенинде.
Ар дайым өткөн тарыхый окуяларды, жаратылышты, балдардын кыял-жоруктарын, жалындаган жаштыкты чыгармаларында чагылдырууну өзүнө милдет кылып алган.
Композитордун чыгармачылыгындагы эң чоң жаңылык 1916-жылкы кыргыз элинин башына түшкөн оор кайгысына терең маани берип, “Үркүн – 1916-жыл” аттуу 10 бөлүктөн турган көлөмдүү реквиемди жаратты. Анда хордун чоң тобу, симфониялык оркестр, үндөр тобу биригип тарыхый кайгылуу окуяны баяндап, хор кошок башталып үркүн окуясына байланыштуу падыша буйругу угулуп “Кор заман” деген бөлүм башталып, оркестр ойнолуп элдин кайгысын коштойт. Андан соң “Зар заман” окуясын хор баян кылып, аяктоочу куран сүрөөсү менен жыйынтыкталат.

МУРЗАБАЕВ А. Кыргыз музыкасынын кемтиги келечеги... / Маектешкен С. Жылкычиев // Агым. – 2007. – 23-февр. – № 13. – Б. 12; АБДЫРАХМАНОВ К. Талантты эл баалайт: Композитор А. Мурзабаев 50 жашта // Бишкек шамы. – 1992. – 19-март; БОШКОЕВА Д., Турсунова Г. Үркүн музыкада // Кыргыз маданияты. – 1991. – 28-нояб. –
№ 48. – Б. 14.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >