Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Виктор Гюго  
27.03.2017
Виктор Гюго
27.02.2013
Франциянын атактуу жазуучусу Виктор Мари Гюго 1802-жылы 26-февралда Безансондо император Наполеондун генералынын үй-бүлөсүндө туулган. Анын чоң атасы Наполеондун офицери, энеси Нанттагы кеме ээсинин кызы болгон. Анын балалык чагы ар түрдүү жана бири-бирине карама-каршы келген таасирлердин чөйрөсүндө өтөт. В. Гюгонун чыгармачылыгы эрте башталган. Ал 15 жашында Академиядагы акындардын конкурсунда чоң жазуучуларды жеңип чыкса, 17 жашында эң мыкты романдарынын бирин жазып бүткөн. Ал эми 1822-жылы жарыкка чыккан “Одалар” деген айкын реалисттик жыйнагы адабият жагынан атагын чыгарып, король тарабынан пенсия алып турууга татыктуу кылган.
Жыйырма беш жашында көрүнүктүү ишмерлердин бири катары адабият кыймылындагы романтизмдин баштоочусу В.Гюгонун Англиядагы буржуазиялык революцияны чагылдырган “Кромвель” (1827) драмасы демократиялык маанайдагы романтиктердин манифести болгон. Июлдагы революциянын таасиринде жазылган “Жаш Францияга карата” (1830) поэмасы революционерлерге арналса, “Париждеги теңир эне Собору” (1831) романында католизмди сындаган.
1851-жылы декабрдагы төңкөрүштөн кийин В. Гюго Франциядан качып кетип, империя кулатылганга чейин Жерси аралында, андан кийин Герспи аралында качып жүрүүгө аргасыз болот. 1870-жылы өз элине кайтып келет да, улуттук чогулуштун мүчөсү болуп шайланат.
Чет мамлекетте жүргөн кезинде “Ойго батуу”, “Кылымдардын легендалары” деген ыр циклдерин түзүп, “Деңиз эмгекчилери”, “Күлүп турган киши” романдарын жазат. Анын “Жазалар” аттуу чыгармасында Наполеон IIIнүн зомбулугун жана анын жардамчылары гана эмес, Наполеонго акчалай жардам берип турган биржачыларды, башка чапса кыңк этпеген армиянын иштерин сындап жазган.
Өмүрүнүн акырында буржуазиялык коомдук-социалдык негиздерин сынга алган “Куугунтук жегендер” (1862), “Токсон үчүнчү жыл” (1874) деген тарыхый романдарын, “Абышка болуунун искусствосу”, “Духтун төрт багыты” ырлар циклин, “Тарквемада” драмасын жазат.
1882-жылы Виктор Гюгонун 80 жашка толгондугун бүткүл эл белгилейт. Андан үч жыл өткөндөн кийин 1885-жылы жүрөк оорудан дүйнөдөн кайтат.

ГЮГО В. Гаврош: “Куугунтук жегендер” романынан / Котор.: М. Абдукаримов. – Ф.: Мектеп, 1987. – 60 б; ГЮГО В. Эртең: [Ыр / Котор.: Э. Турсунов] // Тулпар. – 1994. –
№ 2. – Б. 33; ГЮГО ВИКТОР // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. – Т. 2. – Ф., 1977. – Б. 270–271.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >