Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Ашыраалы Айталиев  
23.04.2017
Ашыраалы Айталиев
27.02.2013
Төкмө акын, дастанчы, ырчы-обончу А. Айталиев 1927-жылы 8-мартта Кант районуна караштуу Жедигер айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Ал 1934-жылы өз айылындагы Карл Маркс атындагы мектепке кирип, капыстан чыккан согуш аны 7-кластты бүтүрүүгө гана үлгүртөт. Турмуштун туткасы болгон аталар, агалар элин-жерин коргоо үчүн кандуу согушка аттанышып, алардын ордун жаш балдар менен аялдар ээлешип, колхоздун бардык иштерин өз моюндарына алышып, жазда соко менен кош чыгарышып, эгин айдап эгин оруп, темин басышып, чөп чабышып, кызылча айдашып, колхоздун малын багышып жан үрөп иштешкен.
Кыш мезгилинде бир аз жумуш сээлдеп калганда айылдаштары жүгөрүдөн бозо салышып жоро ичишчү. Ошол отурушта айылдаштарынын чөккөн маанайларын көтөрүү максатында алардын кайгы кубанычын, сүйүүсүн жамактап ырдап, отуруштун көркүн ачкан Ашыраалы эле.
Анын акындык шыгынын ойгонушуна ошол отуруштарда ырдалган ырлар, от коюп, өнөрүнүн башатынын ачылышына чоң түрткү болгон.
1946-жылы атайын чакыруу менен филармонияга келип, сынактан өтүп, солист болуп кабыл алынат. Белгилүү залкар акын О. Бөлөбалаевдин тобуна кошулуп, акындар Калык, Алымкул, Токтонаалы, Ысмайылдардан ырдоо ыкмаларын үйрөнөт. Залкар акындын аркасы менен казак элинин атактуу акындары Кенен, Үмөталы менен жакындан таанышып, алардын ырларын угуп таасирленген.
Кыргыздын айтылуу ак таңдай акындары Алымкул, Калык ж. б. айтыштарын, кенже дастандарын угуп, алардан саламдашып, санаттап термелеп ырдоонун, алым-сабак төкмөлүктүн купуя сырларын жаш акын үйрөнүп, төкмөлүк өнөрү жетилип, ырчылык арымы артат.
А. Айталиевдин башкалардан айырмаланган өзүнчө үнү, өзгөчөлүгү бар эле. Ыр саптарында омоктуу ойду, кумдай куюлушкан уйкаштыкты, көркөм сөздү кыш кынагандай кынаптап тизип, татынакай кооздукту салыштыруу менен нукура элдик тилде угуучулар эргип уккандай изденүүчүлүктү, тапкычтыкты таасын пайдаланган.
Акын замандаштары Э. Турсуналиев, Т. Тыныбеков, Т. Абдиев, З. Үсөнбаев өңдүү акындар менен айтышып, бирде жеңилип, бирде жеңишке жетип, кыргыз-казак калкына тиешелүү төкмөлүк өнөр жөрөлгөсүн аркалап, айтыш өнөрүнүн ар кандай салттарын өнүктүрүп, калкынын кадырлоосуна, элинин алкоосуна татыктуу болгон.
Ал “Карагул ботом”, “Ак мөөр”, “Мырзауул менен Ак Саткын”, “Олжобай менен Кишимжан” аттуу дастандарды чебер аткарып, жеке эле дастан айтуу менен чектелип калбастан, төкмөлүк менен обончулукту, ырчы-аткаруучулуктун кош тизгинин бирдей алып жүрдү. Тубаса тунук лирикалуу обондору уккан жандын жан дүйнөсүн эргитип, акактай тунук, шүүдүрүмдөй мөлтүр төгүлгөн аваздык ыргактарга бай анын “Нарындан жазган салам кат”, “Ак шоокум”, “Биздин айылда”, “Эл алдында келет ырдагым” ж.б.у.с. ырлары, обондору менен коомчулукка таанымал болду. Ырлары алтын фондуга жазылып, “Мелодия” фирмасынан граммпластинкалары чыгарылган.
1986-жылы акындын “Залкарлар арасында” аттуу ырлар, дастандар жыйнагы басмадан басылып чыккан. “Тайгак кечүү”, “Биринчи мугалим”, “Бакайдын жайыты” деген көркөм фильмдердин эпизоддоруна тартылган. 1995-жылга чейин Кыргыз филармониясында иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Көп жылдык эмгеги бааланып, ага 1983-жылы Республиканын эмгек сиңирген артисти, кийин 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” деген ардактуу наамдары ыйгарылып, III даражадагы “Манас” ордени, медалдар менен сыйланган. “Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн” деген персоналдык пенсияга чыккан.
Ал 2008-жылы дүйнөдөн кайткан.

АШЫКЕ: Ырлар, айтыштар, эскерүүлөр, маектер, арноолор / Түз.: Ж. Токтобеков. –
Б.: Турар, 2010. – 243 б.
АЙТАЛИЕВ А. “Кыздарды топ-тобу менен кармагам” / К. Зайнидинов // Агым. – 2007. –
20-февр. – № 12. – Б. 12; ШАКИР Олжобай. Ашыке кандай киши эле // Агым. – 2008. –
17-окт. – № 65. – Б. 14; РАЕВ С. “Белес-белден бороондой. Беш удургуп өткөн сөз...” // Агым. – 2007. – 27-март. – № 22. – Б. 11.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >