Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Мирсаид Миррахимов  
22.06.2018
Мы в соцсетях
FacebookInstaGramFlickr
Мирсаид Миррахимов
27.02.2013
Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын жана Россия Федерациясынын медицина илимдер академиясынын академиги, илим жана техника тармагындагы Кыргыз Республикасынын жана СССРдин мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген дарыгер, медицина илиминин доктору, коомдук жана мамлекеттик ишмер М. Миррахимов 1927-жылы 27-мартта Бишкек шаарында музыканттын үй-бүлөсүндө туулган.
1948-жылы Кыргыз мамлекеттик мединститутун бүтүп, 1952-жылы клиникалык ординатураны аяктагандан кийин эмгек жолун медицина институтунун факультеттик терапия кафедрасында ассистент болуп иштеп баштаган.
Ал кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин (1952), ошол эле кафедранын башчылыгына шайланып, 1963–1973-жылдары КММИнин илим боюнча проректору болуп иштеп, 1966-жылы ага медицина илиминин доктору окумуштуулук даражасы, профессордук наам берилген.
Республикада биринчи жолу тоолуу жердеги адамдын физиологиясын кеңири изилдөө багытында иштерин жүргүзүп, ошол изилдөөлөрдүн негизинде “Орто Азиядагы бийик тоолордо климатташтыруу” деген темада, Ленинграддагы И. П. Павлов атындагы физиология илимий-изилдөө институтунан докторлугун жактаган.
1969-жылы СССРдин медицина илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, 1974-жылы Кыргыз Республикасынын ИАнын анык мүчөсү, 1988-жылы СССРдин медицина илимдер академиясынын анык мүчөсү, 1996-жылы Нью-Йорктогу ИАнын мүчөсү болгон.
Анын ишмердиги 1977-жылдан башталып, кардиология тармагында түптөлгөн. 2007-жылга чейин кардиология жана терапия Улуттук борборунун директору болуп эмгектенген.
Окумуштуу медицинанын кайсы гана тармагында болбосун, алсак, гематология, пульмонология, ревматология, неврология, гастроэнтерология, иммунология тармактарында талыкпастан иштеген.
М. Миррахимов – дүйнөдөгү көрүнүктүү окумуштуу-клиницист, клиникалык физиолог, педагог, илим менен саламаттык сактоонун уюштуруучусу, коомдук ишмер, бийик тоолуу медицина менен кардиологиянын негиз салуучусу. Медицинанын эң мыкты сапаттарын өздөштүрүп, республикада практикалык саламаттык сактоого, жалпы медицинкалык илимдин өсүшүнө чоң салым кошуп, илимий багыттагы жаңы ачылган бийик тоолуу шарттарда ооруулардын көнүгүүсүн биологиялык-физиологиялык негиздерин иштеп чыгып, аларды дарылоо ыкмасын, дарттын алдын алуу, адамдарды медициналык жактан тандоо, бийик тоодо адамдардын жашоосун, өмүрлөрүн изилдөөдө бир топ алгылыктуу иш-аракеттерди жасады.
Кардиологиялык мекемелерди республикада түзүү жана уюштуруу, кескин инфаркт-миокарда ме-нен ооругандарды этаптуу даарылоо (ОИМ), телефон каналы боюнча ЭКГ дистанциялык байланышы, кардиохирургия кызматынын өнүгүшүнө көрсөткөн көмөктөрү окумуштуунун жетишкендиктери болуп саналат.
Окумуштуунун коомдук ишмерчилиги кеңири алкактуу болгон. Борбордук Азиянын кардиологдор ассоциациясынын тунгуч президенти, 1995-жылдан тартып КМШнын кардиологдор ассоциациясынын президенти, Кыргыз Республикасынын терапевттер жана кардиологдор коомунун төрагасы, Кыргызстандын адистештирилген медициналык коомдорунун президиумунун мүчөсү, Борбордук Азия медициналык журналынын башкы редактору, “КМШ кардиологиясы” журналынын башкы редакторунун орун басары, “Дарыгерлер ядролук согушту болтурбоо үчүн” кыймылынын жетекчиси, бир нече жолу шаардык кеңешке жана Жогорку Советке депутат болуп шайланган.
М. Миррахимов республикада кардиологиялык кызматты түзүүнүн жана өркүндөтүүнүн демилгечиси болуп саналат. Өзү түзгөн, өзү жетектеген кардиология илим-изилдөө институту учурдагы заманбап жабдуулар менен жабдылган окуу-илимий практикалык комплекске айланды.
Академик республиканын саламаттыкты сактоосу үчүн кадрларды даярдоо ишине чоң салып кошуп, жүздөн ашуун илимдин докторлору менен кандидаттарын даярдаган. 700 дөн ашык илимий эмгектердин автору, анын ичинен 32 монография, 500дөй илимий макалалар, 19 ойлоп табуу ага таандык.
Өкмөт, илимий коомчулук тарабынан окумуштуу-академик М. Миррахимов өз баасын алып Соци-алисттик Эмгектин Баатыры ардак наамына татыктуу болду. Эки жолу Ленин, Октябрь революциясы, Элдердин достугу, “Ардак Белгиси”, I, III даражадагы “Манас”, “Медицина тармагындагы илимий-практикалык ишмерчиликтеги көрүнүктүү эмгеги үчүн” Николай Пирогов ордендери, медалдар, грамоталар менен сыйланган.
Улуттук кардиология жана терапия борборуна академик М. Миррахимовдун атын ыйгаруу жөнүндө 2004-жылы Президенттин жарлыгы чыгып, ысымы ыйгарылган.
Ал 2008-жылы дүйнөдөн кайткан.

МИРРАХИМОВ М. “Кыйынчылыкты жүрөктөгү кыйбастык жеңет” / Маектешкен Б. Чотурова // Кыргыз Туусу. –2002. –18–21-окт. – № 79. –Б. 9.
УСТАТ тууралуу асыл сөз // Кыргыз Туусу. – 2007. – 27–29-март. – № 23. – Б. 8; БАКИРОВ К. Жүрөктүн сыры жана чыры // Эркин Тоо. – 2007. – 23-нояб. – № 93. – Б. 17; АЛМАЗБЕКОВА А. Элита // Эркинтоо. – 2000. –24-март. – № 26. – Б. 3.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >