Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Александр Иванович Герцен  
28.04.2017
Александр Иванович Герцен
27.02.2013
Орус элинин улуу ой жүгүртүүчүсү, философ, жазуучу жана публицист, революционер ишмери А. И. Герцен (жашыруун аты Искандер) 1812-жылы 6-апрелде Москва шаарында дворян-помещиктин үй-бүлөсүндө туулган. Ал бала кезинен эле 18-кылымдын боштондук идеяларына толгон Батыш Европалык адабияттарды окуган. Герцен 1829-жылы Москва университетинин физика-математика бөлүмүнө кирип, 1933-жылы бүтүргөн. Анын руханий өсүшүнө 1826-жылдагы декабристтердин социалдык тажрыйбалары жана өзүнүн устаты деп санаган француз эмигранты Бушанын революциялык салттары, Пушкин менен Рылеевдин ырлары, Шиллердин драмалары, француз ойчулдары зор таасирин тийгизген.
Университетте окуп жүргөн мезгилинде революциячыл ниети бар жаштардын ийрими түзүлгөн. 1834-жылы Герценди революциячыл иштери үчүн камакка алып, коом үчүн эң коркунучтуу жана тайманбас адам деп эсептешип, Пермге сүргүнгө айдап жиберишкен. Ал жактан кийинчерээк Вяткага айдалган. Сүргүндө жүргөн кезинде философиялык жана саясий китептерди көп окуган. 1840-жылы орустун алдыңкы катардагы интеллигенциясынын борбору болуп саналган Петербургга көчүп келүүгө мүмкүндүк алган. 1840-жылдардын биринчи жарымында Герцендин адабий чыгармачылыгы көп түрдүү өнүккөн. “Табигатты окуп билүү жөнүндөгү каттарда” жана “Илимдеги дилетантизм” аттуу макалаларында “Бир жаш жигиттин запискасы” деген автобиографиялык чыгармаларында өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн.
1845–1846-жылдарда жазган “Ким айыптуу” деген романы беллетрист катарында анын атагын чыгарды. “Доктор Крупов” (1847), “Сааттуу сагызган” (1848) повесттери крепостной түзүлүшкө каршы багытталган.
1847–1852-жылдары ал Францияда, Италияда, Швейцарияда жүрүп (ошол эле жылы) күзүндө Лондонго барган.
1853-жылы ал жерден орустун эркин типографиясын уюштуруп, 1855-жылы “Полярная звезда” деген альманахты, 1857-жылы Огарев менен биргелешип орустун биринчи революциялык газетасы “Колоколду” чыгарган. Алар басма сөздүн цензурасыз биринчи органы болуп саналып, орус элинин боштондук кыймылынын өнүгүшүнө таасир тийгизген. Мезгил-мезгили менен чыгып туруучу революциялык чыгармаларды басып чыгарышкан.
1852–1864-жылдары өзүнүн эң ири көркөм чыгармаларынын бири болуп саналган “Болуп өткөндөр жана ойдогулар” деген чыгармасынын көпчүлүк бөлүгүн жазып бүткөн.
А. И. Герцен 1865–1869-жылдары бүткүл Европаны кыдырып чыккан.
Ал 1870-жылы 21-январда Париж шаарында дүйнөдөн кайткан.


ГЕРЦЕН А.И. Сааттуу сагызган: Повесть / Котор.: О. Орозбаев. – Ф.: Мектеп. – 1982. – 40 б.
ГЕРЦЕН Александр Иванович // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Т. 2. –Ф., 1977. – Б. 185; А. И. ГЕРЦЕН // Кыргызстан пионери. – 1970. – 21-янв.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >