Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Владимир Михайлович Плоских  
27.03.2017
Владимир Михайлович Плоских
27.02.2013
Кыргыз тарыхынын өнүгүшүнө өзүнүн ири салымын кошкон белгилүү тарыхчы-археолог, коомдук ишмер В. М. Плоских 1937-жылы 16-апрелде Казак Республикасынын Акмола (азыркы Астана) шаарында туулган. Ал 1955-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүнө тапшырып, 1960-жылы артыкчылык диплому менен бүтүп, Кыргыз илимдер академиясында илимий кызматкер, академиянын Тарых институтунда директордун орун басары, Президиумдун катчысы (1976) болуп иштеген. 1979-жылы тарых илими боюнча докторлук даражасын коргогон. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1997), азыркы убакта Кыргыз-Орус (Славян) университетинде тарых жана культурология кафедрасынын башчысы, 2003-жылдан бери Кыргыз Республикасынын УИАнын вице президенти болуп иштейт.
Окумуштуунун эмгектери негизинен Кыргызстандын Улуу Октябрь Революциясына чейинки тарыхын изилдөөгө арналган. Анын 150дөн ашуун илимий эмгектери, анын ичинен 15 монографиясы жарыяланган. 45тен ашык окуу китептеринин автору.
В. М. Плоских 1996-жылы илимге кошкон салымы үчүн илим жана техника тармагы боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Е. Д. Поливанов атындагы жана “Мустафа Кемал” (Ата Түрк) фондусунун “Тоо адамдары” эл аралык сыйлыктарынын лауреаттыгына татыктуу болгон.
Окумуштуунун жетекчилиги астында докторлук жана кандидаттык диссертациялар жакталган.
Илимге сиңирген эмгеги, Билим берүү системасындагы тарых тармагын өрчүтүп жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон салымы үчүн 3-даражадагы “Манас” ордени жана башка орден, медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган.


ПЛОСКИХ В. М., Камышев А. М. Кыргыздын валютасы: Тарых жана азыркы учур = Валюта Кыргызстана: История и современность. – Б., 2003. – 158 б.; ПЛОСКИХ В. М., Курманов З., Бегалиев У. Кыргыздын улуттук лидери Абдыкерим Сыдыков: Доор, инсан, тагдыр. – Б.: Учкун, 1999. – 191 б.
ИВАНОВ А. Владимир Плоских: Повесть: Изд-во “ЖЗЛК”, 2010. – 405 с.
ПЛОСКИХ Владимир Михайлович // Кыргыз тарыхы: Энциклопедия. – Б., 2003. – Б. 328.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >