Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Аманкул Куттубаев  
27.03.2017
Аманкул Куттубаев
27.02.2013
Кыргыз ССРинин эл артисти (1946), Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1939), Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси (1970), кыргыз театр искусствосунун алгачкы карлыгачы, тунгуч профессионал режиссер А. Куттубаев 1907-жылы 20-майда Сокулук районундагы Белек (Калинин) кыштагында туулган. Жаш кезинен эле оюн-зоокко шыктуу боз улан, 1926-жылы Бишкекте ачылган Кыргыз музыкалуу-драмалык студиясына келип иштеп, театр искусствосундагы чыгармачылык эмгек жолун баштаган.
Театр сахнасында түзгөн анын алгачкы образдары (1927–1930-ж.) Н. Н. Елениндин “Молдо Насирдин” пьесасында – Молдо Насирдиндин, М. Токобаевдин “Кайгылуу Какейинде” – Алымкулдун, Д. Фурмановдун “Козголоң” драмасында – Карабайдын, А. Островскийдин “Жок жерден табылган ал-тын” драмасында – Крутскийдин кейипкерлерин жеткиликтүү ойноп көрүүчүлөрдүн купулуна толгон.
Ошол студиянын уюштуруучусу жана профессионал режиссеру Н. Н. Еленин анын ишке болгон жөндөмдүүлүгүн, шыгын баалап, өзүнө ассистент-режиссер кылып алат.
А. Куттубаев 1930-жылы ачылган Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген учурунда драматург К. Жантөшөвдин “Алым менен Мария” драмасын коюп, кыргыз театр өнөрүнүн тарыхына тунгуч улуттук режиссер катары белгилүү болгон. Ошол эле жылы ошол театрдын режиссеру, 1931-жылы башкы режиссеру болуп иштеген.
Ал Т. Байжиевдин “Кырманда”, Р. Шүкүрбековдун “Бейит арасында”, К. Маликов менен биргелешип “Жаңыл” драмаларын коюп, режиссерлук дараметин сынаган. 1934-жылы Ж. Турусбековдун “Ажал ордуна” драмасын койгон.
1935–1941-жылдары Москва шаарындагы Луначарский атындагы театр институтунун режиссерлук бөлүмүнөн окуп, белгилүү театр таануучулар В. Г. Сахновский менен В. А. Орловдон таалим алган. Окуусун бүткөндөн кийин Мамлекеттик опера жана балет театрында көркөм жетекчи, башкы режиссер, 1952–63-жылдары театрдын директору жана режиссеру болуп эмгектенген.
1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун декадасында “Ажал ордуна” музыкалуу драмасын жана “Айчүрөк” операсын койгондугу үчүн “Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери” наамына татыктуу болгон.
Согуш мезгилинде “Майсарынын жоруктары”, “Кармен”, “Патриоттор”, “Көкүл” деген опералар-ды, “Ким кантти?” музыкалык комедиясын, согуштан кийинки жылдары “Биз баягы эмеспиз” аттуу мызкалык комедия, “Манас”, “Токтогул”, “Айдар жана Айша” опералары А. Куттубаевдин режиссер-лугу менен коюлган.
Театрда кырк жылдан ашык иштеп театр көрүүчүлөрүнө дүйнөлүк жана орус классиктеринин оюндарын тартуулоодогу эмгеги өкмөт тарабынан жогору бааланып, Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, Ардак Белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланып, 1970-жылы Токтогул атындагы сыйлык ыйгарылган.
А. Куттубаев “Ак кеме” кинофильмине тартылып, Момун чалдын ролун аткарып кинодо да өзүнүн талантын көрсөткөн.
Ал 1984-жылы дүйнөдөн кайткан.

КҮМҮШАЛИЕВ К. Аманкул Куттубаев: Чыгармачылык портрет. – Ф.: Адабият. –
1990. – 80 б.
АМАНКУЛ Куттубаев / Даярдаган Д. Мейманов // Кыргыз Туусу. – 2003. – 7– 10-нояб. –
№ 85. – Б. 16; СУЛАЙМАНОВА Ш. Аманкул ата баскан белестер // Элдик жарчысы (Сокулук). – 1992. – 11-июль.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >