Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Аман Мамытов  
23.03.2017
Аман Мамытов
27.02.2013
Топурак – биосфера компоненти,
Топурак – ландшафтын элементи.
Бардыгын кучагына камтып турган,
Топурак табигаттын керемети.
А. Мамытов

Кыргызстандын генезистик топурак таануу илиминин негиздөөчүсү, айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, академиги, ВАСХНИЛдин корреспондент-мүчөсү, академиги, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери А. М. Мамытов 1927-жылы 27-майда Ысык-Көл районунун Бостери айылында туулган.
Ал 1943-жылы Бостери орто мектебин бүтүп, согуш мезгилинде Ысык-Көл районунун “Бирдиктүү” колхозунда эсепчи-катчы болуп иштеп эмгек жолун баштаган.
1945-жылы И. К. Скрябин атындагы айыл-чарба институтунун агроном бөлүмүнөн окуп, аны бүткөндөн кийин СССР Илимдер Академиясынын Кыргызстандагы филиалынын Топурак таануу адистиги боюнча аспирантурага кабыл алынат. Ал илимге өтө жаш аралашып 25 жашында 1952-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, топурак таануу бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.
А. Мамытовдун демилгеси менен ал бөлүм 1964-жылы Орто Азия топурак таануу илим изилдөө институтуна айланып, анын директорлугуна дайындалган. Бир убакта эле КМУнун жер кыртышы боюнча кафедрасына да жетекчилик кылган. 34 жашында докторлук ишин коргоп, 27 жашында академияга мүчө-корреспондент, 34 жашында академик, 46 жашында ВАСХНИЛдин академиги болуп, 45 кандидатты, ондогон илимдин докторлорун өстүрүп чыгарган.
Анын авторлугу жана редакторлугу менен “Кыргыз ССРинин жер кыртыштарынын картасы” деген эмгеги айыл чарба тармактарын максаттуу жайгаштырууга негиз болду. Борбордук Тянь-Шандын жер кыртышын 10 жыл изилдеп, ошонун натыйжасында докторлук ишин коргоп, 1963-жылы ага топурак таануу адистиги боюнча профессорлук наам берилген.
1960–70-жылдары окумуштуу жер кыртышынын географиясын изилдеп, тоо шартында кыртыштын жаратылыш процессин ачып, ошол изилдөөлөрүнүн негизинде “Бийик тоо кыртыштарын стационардык изилдөө тажрыйбасы” (1962), “Кыртыштын жаратылыш өзгөчөлүгү жана Тянь-Шандын тоо кыртыштарынын касиеттери” (1980) деген көлөмдүү монографияларын жазган.
А. Мамытов республикадагы химия-технологиялык жана биологиялык илимдерди фундаменталдык изилдөөгө, анын тажрыйба жүзүндө бекемделишине, илимий-техникалык прогресске салымын кошуп, ролун көтөрүүгө, жаратылыш байлыктарын акыл менен колдонууга, тоо өлкөсүнүн өзгөчө табиятын көздүн карегиндей сактап коргоо үчүн көп аракет жумшаган.
Бул багытта ал (1974) ИАда коомдук башталыштагы комиссия түзүп, илимий программа иштеп чыккан.
Анын жетекчилиги менен ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” аттуу эл аралык программанын долбоору ишке ашкан. Алар жер кыртышынын бузулуусун, такырлануудан, жарака кетишинен, эрозиядан сактап калыш үчүн кам көрүп, тоо сууларын каткан кургак, туздуу жерлерге багыттоону сунушташкан.
Чоң-Өрүктүдөгү саздак жерден 15 метр бийиктикке атылып чыккан 35 градустагы жылуу дары сууну жана анын тегерегиндеги курулган имараттар да окумуштуу-академиктин демилгеси менен ачылган.
300 дөн ашык илимий эмгектин автору, анын ичинен 20 монографиясы фундаменталдуу эмгек. Бир нече жолу илимий докладдар менен эл аралык конгресстерде жана симпозиумдарда чыгып сүйлөгөн.
Илимди байытууга кошкон эмгеги жогору бааланып Эмгек Кызыл Туу, “Эл достугу” ордендери жана “Даңк” медалы, грамоталар менен сыйланган.
Окумуштуу 1999-жылы дүйнөдөн кайткан.

МАМЫТ уулу Аман. Жер тагдыры – эл тагдыры / Маектешкен Т. Мамытов // Кыргыз Туусу. – 1993. – 11-март.
ТУРСУНОВ Э. Улуу инсан жөнүндө улуу сөз // Эркин Тоо. – 2002. – 7-июнь. – № 43. – Б. 11; РАИМЖАНОВ М. Көзү жок болсо да, эмгеги менен кызмат кылууда // Эркин Тоо. –
2000. – 26-май. – № 43. – Б. 8.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >